Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:08

Таласта компьютерлештирүүнүн биринчи этабы аяктады


ТАЛАС. Талас облусунун мамлекеттик мекемелерин компьютерлештирүүнүн биринчи этабы аяктады. 2001-жылы башталган бул ишке Кыргызстандын Улуу Британиядагы ошол мезгилдеги элчиси Роза Отунбаеванын демилгеси түрткү болуп, «Ресайкл» фирмасы Талас облусуна 150 компьютер жөнөткөн. Ошол эле жылдын сентябрь айында 200 жана быйылкы жылдын июль айында Нидерландыдан 281 компьютер келип, алар облустук, райондук акимчиликтерге, мамлекеттик мекемелерге, айыл өкмөттөрү менен мектептерге орнотулуп бүттү. Облустук жыйырмага жакын мекеме Интернет байланышынын кызматынан пайдаланып жатат. Компьтерлештирүү иштерин окутуу, жөнгө салуу, жабдууларды оңдоо жана алмаштырып туруу үчүн облустук акимчиликте атайын адистерден куралган маалыматтык технологиялар сектору ачылды. Бул тууралуу маалымат бүгүн облустук акимчиликтен алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG