Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Кыргызстан быйыл Украина менен Молдовага эгин сатышы мүмкүн


БИШКЕК. Кыргызстанда аба ырайынын жылдагыдан катаал болгондугуна карабай, айыл чарбасында дан азыктарынын түшүмдүүлүгү жогору болуп, былтыркы 1,2 миллион тоннадан кем болбойт. Жалпысынан өлкө өзүн-өзү дан азыктары менен толук камсыз кылат. Украинага 40 миң тонна, Молдовага 300 миң тонна эгин сатылышы күтүлүүдө. Бүгүн Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинен ушундай маалымат келип түштү. Бирок быйыл өлкөдө 208 миң гектар айдоо жери иштетилбей калган. Каражаттын тартыштыгынан улам дан эгиндери, картошка, пахта жылдагыдан аз себилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG