Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Октябрда Кант аэродромуна Орусиянын авиациясы жайгаштырыла баштайт


БИШКЕК. Кант аэродромуна Орусиянын аскердик авиабазасын жайгаштыруу жөнүндөгү Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууга Кыргызстандан коргоо министри Эсен Топоев кол коёт. Бул тууралуу маалымат бүгүн министрликтин басма сөз кызматынан алынды. Басма сөз кызматынын башчысы Мирбек Койлубаев билдиргендей, учурда Кыргызстанда Кант авиабазасы боюнча макулдашууга байланыштуу жүргүзүлгөн иш-чаралар аяктады. «Эми бул макулдашуу Орусияда да тиешелүү регламенттен өтүшү керек жана ага канча убакыт талап кылынаары азырынча белгисиз», - дейт Мирбек Койлубаев. Ал эми 24-июлда Москвада өткөн Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун жыйынында Орусиянын коргоо министри Николай Бордюжа: «Орусиянын авиациясы Кант аэродромунда октябрь айынан тартып жайгаштырыла баштайт», - деп билдирген.
Күзүндө Канттагы аскердик шаарчада Орусиянын аскердик жана атуулдук персоналы жайгаштырылат. Келишимге ылайык, азырынча Кантта Орусиянын 500 аскер кызматкери жайгашмакчы.

XS
SM
MD
LG