Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Саддам Хусейндин уулдарынын сөөгү жерге коюлду


Американын аскерий жетекчилиги Саддам Хусейндин өткөн жумада өлтүрүлгөн уулдары Удай менен Кусайдын сөөгүн Ирактын Кызыл жарым ай коомуна өткөрүп берип, бүгүн алардын сөөгү Тикрит шаарына жакын Аужа айылындагы көрүстөнгө коюлду. Удай жана Кусай менен бирге Кусайдын 14 жаштагы уулу Мустафанын да сөөгү жерге берилди. Ал эми Бириккен Улуттар уюмунун эксперттер тобу Иракта жалпы элдик шайлоо өткөрүүгө камылга көрүү үчүн барышты. Алар америка-британдык коалициянын Ирактагы убактылуу администрациясы менен биргелешип иштейт. Администрация башчысы Пол Бремэр бир жыл ичинде жалпы элдик парламенттик шайлоонун болушу мүмкүн экендигин ушул бейшембиде кабарлаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG