АКШнын Ирактагы аскерий жетекчилиги өз жоокерлерине издөө салынган Саддам Хусейндин компьютер менен өзгөртүлгөн ар кандай беш сүрөтүн таратты. Анда Саддам өңүн өзгөртүп алса кандай кейипте болуп кала тургандыгы көрсөтүлгөн.Сүрөттөрдө сакалчан, сакал–муруту жок, жашартылган же карып калган Саддамдын кейпи келтирилген. АКШлык аскер жетекчилеринин баамында, бул сүрөттөр изин таптырбай жаткан Саддамды таанууга өбөлгө берет.