Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Түндүк Корея өзөктүк программасын Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкуулоого каршы


Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасын АКШ Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкуулатууга аракет кылса эле ал тууралуу сүйлөшүүлөрдөн баш тартаарын билдирди. Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиктери бүгүн тараткан кабарга караганда, АКШнын андай аракетин Пхеньян “кылмыш катары” баалайт жана ал согушка кириптер кылышы мүмкүн. Кечээ Түндүк Корея өзөктүк программасы боюнча Жапония, АКШ, Кытай, Орусия, Түштүк Кореянын катышуусу менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген. Ал эми ага чейин Пхеньян бир гана АКШ менен көзмө-көз сүйлөшүүнү талап кылып жаткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG