Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

ОРУСИЯ: МОЗДОК ШААРЫНДАГЫ АСКЕРИЙ ООРУКАНА ЖАРДЫРЫЛДЫ


Айданбек Aкмат уулу, Прага Кечээ күнү Бишкек убактысы боюнча кечки саат тогузда Түндүк Осетиянын Моздок шаарындагы аскердик оорукана жардырылды. Андан 39 киши набыт болуп, сексенге жакыны жаракат алды. Жарадарлар ичинен 10 кишинин абалы оор.

Аскердик оорукана Моздок шаарынын четинде жайгашып, ал жерде Чеченстандагы согуштан жарадар болгон орус аскерлери келип дарыланчу. Жума күнү кечинде жардыргыч затка толтурулган «Камаз» автомашинасы оорукананын дарбазасын бузуп кирип, дубалына тийгенде жарылып кеткен. «Камазды» орто жаштагы бир гана адам айдап келгени тууралуу айтылып, анын аял, же эркек экендиги да так аныкталган эмес. Жардыруунун натыйжасында оорукана кыйрап, анын капталында турган көптөгөн чатыр палаткалар талкаланган. Жардыруу болгон жерде айланасы 8 метрге, тереңдиги 3 метрге жеткен аң пайда болгон. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түштүк регионалдык борборунун маалыматы боюнча жардыруу болгон убакта ооруканада 98 жарадар дарыланып, 21 медициналык кызматкер аларды тейлеп жаткан.

Өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Сергей Фридинский жардыруу чечен жикчилеринин колунан келди деп жарыялады. Бирок жикчилдер аны ырастай элек. Чеченстандын президенти Аслан Масхадовдун Москвадагы өкүлү Саламбек Маигов президент Масхадовдун жана башка көз карандысыздык үчүн күрөшүп жаткан чечен лидерлеринин бул жарылууга тиешеси жок экенин билдирди.

Жардыруу болгон жерде куткаруу, кыйраган оорукананын урандыларын тазалоо иштери жүрүп жатат. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгунун маалыматы боюнча урандылар астында дагы 18 адам болушу мүмкүн. Бүгүн кечке чейин тазалоо иштери аяктоого тийиш. Окуя болгон жерге Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов келди. Президент Владимир Путин бул террордук актыга жол берүүнүн себептерин иликтөөнү тартип коргоо органдарына тапшырды.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Геннадий Селезнов орус коопсуздук күчтөрүнүн чечен жикчилерине каршы эффективдүү күрөшө албаганын билдирди. Ал эми президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрайымы Елла Панфилова жардыруу Чеченстандагы тынчтык жараянын бузууга жана президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга багытталды деп айтты.

Чеченстан президентин шайлоо октябрь айына белгиленген. Шайлоого катышаарын азыркы кезде алты талапкер билдирди. Бирок алардын арасында куралдуу күрөш жүргүзүп жаткан чечен жоокерлеринин лидерлери жок.

Вашингтон Моздоктогу жардырууну «террордук акт» катары айыптады.

Орусияда мындай террордук актылар акыркы кезде ай сайын боло баштады. Маселен, өткөн айда Тушинодогу аба майданында эки чечен аялынын жардыруусунан 16 адам набыт болгон эле. Ага чейин 5-июнда Моздокто орус учкучтары жана аскерий аба майдандын кызматкерлери келаткан автобусту жардыруудан 16 киши каза болуп, 15и жарадар болгон. Өткөн жылдын аягында, 27-декабрда Москвага караштуу чечен өкмөт үйүн жардыруудан 82 адам каза болуп,150 киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG