Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

ТҮРК БАСМА СӨЗҮ ГЕЙДАР АЛИЕВДИН САЛАМАТТЫГЫНА ЖАНА ӨЛКӨНҮН ИРАКТАГЫ АСКЕРДИК РОЛУНА КЫЗЫГАТ


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Түркиялык басылмаларда соңку күндөрдө Азербайжандын президенти Гейдар Алиевдин ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулууда. Жогорку Аскердик Курултайдын кезектеги отуруму дагы басма сөз беттеринде кеңири чагылдырылды.

«Жумурийат» (Cumhuriyet) гезити кечөө чыккан санында Бакудагы чет элдик дипломаттык чөйрөлөргө таянуу менен Азербайжандын президенти Гейдар Алиевдин ден соолугу күн өткөн сайын начардап баратканын жазып чыккан. Гезиттин кабарында ырасталышынча, айыккыс оору менен Анкара калаасындагы аскерий ооруканада дарыланып жаткан Алийевдин абалы начар. «Бирок, - делинет гезиттин кабарында, - Азербайжандын Анкарадагы баш элчиси бул сыяктуу суук кабарларды четке какты жана анын саламаттык жагдайы нормалдуу болуп калганын, ал реанимацийа бөлүмүндө эмес экендигин билдирди».

«Хүррийет» (Hurriyet) гезитинин жекшемби күнкү санында Гейдар Алиев жөнүндө учкай маалымат берилип, кан-тамыр жана бөйрөк оорусунун айынан Аскердик ооруканада жаткан азери президент реанимацийада атайын жабдууга (жүрөк согушун көзөмөлдөө аппаратына) байлангандыгын билдирилген. Гезитте жазылышына ылайык, Хайдар Алиевдин бир канча күндө элине кайтып бара тургандыгы жөнүндөгү кабарлар чындыка төп келбейт. Анын дарыгерлери Алиевдин ден соолугу сапарга чыгууга ылайыктуу эмес экенин түрк жана азери жооптуу чөйрөлөрүнө билдиришкен.

Гезиттин билдирүүсүндө, Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиев 15-октябрда өткөрүлүүчү шайлоолордо президенттикке экинчи талапкер катары Борбордук шайлоо комиссийасы тарабынан расмий катталган. Президенттик шайлоолорго 19 киши талапкер болуп катышат.

Түркиялык басылмаларда Жогорку Аскердик Курултайдын кезектеги жылдык олтурумуна да кең-кесири көңүл бурулууда. «Хүррийет» гезитинин жазганына караганда, учурда уланып жаткан курултайдын күн тартибиндеги эң эле талаш-тартыш маселе боюнча өз ара жеңилдикке барчу орто жол табылып, өлкөнүн таасирдүү “Улуттук Коопсуздук кеңешинин” башкы катчысы кызматына дагы бир жылга аскер жетекчиси дайындалуусу тууралуу чечилген. Европа Биримдигине мүчө болуу максатында өлкөдө түп-тамырынан бери ар кыл реформаларды жүргүзүп жаткан бийликтеги өкмөт бул реформалардын алкагында улуттук копсуздук кеңешинин саясаттагы ойноп келген ролун кыскартып, анын башкы катчылыгын аскер жетекчилеринен алууну пландаган эле. Бирок премьер министр Режеп Тайып Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлүп жаткан курултайдын отурумунда аскер жетекчилери жасаган кысымдан улам, өкмөт бул олуттуу кадамды дагы бир жылга кечеңдете турууну чечкен.

Түркиянын парламенти мынан эки күн илгери бекиткен Европа Биримдигине мүчө болуунун 7-реформа пакети да басылмаларды кайдыгер калтырган жок. «Йени Шафак» (Yeni Şafak) гезитинде жазган саясий талдоочу Фехми Кору, 7-реформа пакетинин парламенттин жактыруусуна татыктуу болуусун жогору баалап, еми ыр-кесе кезеги - Европада экенин баса белгилеген. Автордун айтымында, 1999-жылдагы Хелсинки жыйынында Түркийаны мүчөлүккө чакырылган өлкөлөрдүн катарына кошулууга талапкер катары белгилеген Европа Биримдиги, чындыгында да, Түркияны келечекте өзүнө толук кандуу мүчөлүккө кабыл алгысы келсе, анда бул ниетин кечиктирбестен билдириши зарыл.

Түркийанын тышкы иштер министири Абдулла Гүл Иракка аскер жиберүү шашкалактык менен чечиле турган бир иш эмес экендигин айткан. «Хүррийет» гезитинде бул тууралуу берилген маалыматка караганда, Гүл парламенттин тышкы саясат боюнча комиссиясынын алдында айткан сөзүндө армиянын башкы штабы бул маселени жана бул маселенин тегерегиндеги тобокелдик факторлорун талдап жаткандыгын жана штабдын чыгарган жыйынтыгына жараша өкмөт тийешелүү кадамга бараарын билдирген.

«Түркия» (Türkiye) деп аталган гезитте болсо, Ирактагы оппозицийалык топтордун бири саналган „Улуттук Монархия Иш-аракетинин» жетекчисинин Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл жана анын кеңешчиси Угур Зийал менен Анкарадагы учкай кезигишүүсүнөн кабар берилген. Ирактык сайасатчы Шериф Али бин Хусейин жолугушуу учурунда Түркиянын куралдуу күчтөрү Иракка келсе, ал өз милдетин ийгиликтүү аткараарына ишенгендигин, анткени Түркиянын куралдуу күчтөрү Ирактын ар түркүн улуттарын жана диний-социалдык үрп-адаттарын эң жакшы билээрин баса белгилеген. Түрк аскерлери америкалык аскерлер Иракта кетирип жаткан каталыктарды кетиришпейт деп баяндаган Ирактык саясий ишмер.

«Иракка ким баратат?» деген баш макала астында «Түркия» гезитинде жазган макаласында Йылмаз Өзтуна: «30 чакты мамлекет, анын ичинде Жапонийа деле, Иракка аскер жиберем деп билдирген учурда Түркия НАТОнун же БУУнун мандатын шарт катары коюп жатканы - Түркиянын узак мөөнөттүү таламдарына төп келбейт», - деген пикирин билдирген. Иракка аскер жиберүүгө нийеттенген отуз мамлекеттин катарында үч мусулман өлкө, атап айтсак, Албания, Казакстан жана Азербайжан бар.
XS
SM
MD
LG