Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Үчүнчү элдик курултайды өткөрүү боюнча кайчы пикирлер айтылууда


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясы учурда жер-жерлерде жыйын өткөрүп, Үчүнчү элдик курултайга делегаттарды шайлоодо. Бул тууралуу бүгүн «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев маалымдады. Партия тарабынан өткөрүлүп жаткан жыйындарда Үчүнчү элдик курултайда карала турган маселелер, ошондой эле Кыргызстанда саясий-экономикалык реформа жүргүзүү концепциясынын «А. Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы иштеп чыккан долбоору талкууланууда. «Арнамыс» партиясынын көз карашында, Үчүнчү элдик курултай Бишкекте өтүшү керек. Анткени, август айынын аягында башкалаада Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына, Кыргызстандын көз карандысыздыгына, ошондой эле Экинчи дүйнөлүк курултайга карата бир топ ири жыйындар өтүп, көп эл чогулат. Ал эми айрым бейөкмөт уюмдардын пикиринде, Үчүнчү элдик курултайды өткөрүүнүн эч кандай зарылдыгы жок. Анткени, 29-августта өткөрүлө турган Экинчи дүйнөлүк курултайда оппозиция үчүн да өз көйгөйүн айтууга шарт түзүлөт. Бүгүн бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үметалиева ушундай пикирин билдирди.
Ал эми айрым саясий партиялар Үчүнчү элдик курултайды өткөрүү зарыл деп эсептешет. Буга байланыштуу «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев мындай дейт: «Курултайдын өткөрүүнүн зарылдыгы өлкөдөгү саясий экономикалык, социалдык абалдын өзүнөн келип чыгат. Себеби, азыр өлкөдө бийлик менен оппозициянын, бийлик менен элдин ортосунда чыныгы бир пикир алмашуу, кызматташуу жок болуп жатат. Элдин кеңири катмарынын пикирин айтыш үчүн бир трибуна жок. Үчүнчү элдик курултай - «түштүк-түндүк» дебестен, бардык региондордун өкүлдөрү келип катышып, өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин көтөрө турган чоң жыйын болот».

XS
SM
MD
LG