Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Кыргызстанга Тажикстандын делегациясы келип кетти


БИШКЕК. Тажикстандын Саламаттык сактоо, Каржы министрликтеринин, Монополияга каршы күрөш боюнча комитетинин жана бир катар медициналык мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган тажик делегациясы Кыргызстандагы иш сапарын аяктады. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат борбору кабарлады. Тажик делегациясы Кыргызстанда элге медициналык-санитардык жардам көрсөтүү багытындагы иш-чаралар, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун иш тажрыйбалары менен таанышты. Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагындагы реформалар чектелүү ресурстардын шартында медициналык жардам көрсөтүүдө тең укуктуулукту камсыз кылуу принцибине негизделген. Бул тажрыйба Тажикстан үчүн үлгүлүү болуп эсептелет. Тажикстанда азырынча Медициналык камсыздандыруу кору түзүлө элек. Ал жакта калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча программалар да азыр гана иштелип чыгып жатат. Тажикстандын делегациясы Кыргызстанга 30-июлда келген.

XS
SM
MD
LG