Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Кабарчыбыз, музыка таануучу Балбай Алагушев мындан 41 жыл мурда залкар кыл кыякчы Сайид Бекмуратов менен кыл кыяктын чабылышы, күүлөнүшү, күүлөрү жөнүндө баардашкан. Аны музыка таануучу кезегинде тасмага жазып алган. Ал азыркы күнгө чейин Б. Алагушевдин жеке архивинде сары майдай сакталып келет. Төмөндө ошол өтө баалуу, кызыктуу баардашууга назарыңыздарды бурабыз.

Сайид Бекмуратов кыргыздын элдик музыкасынын тарыхында залкар шайыр Муратаалы Күрөңкеевден кийинки экинчи айтылуу кыл кыякчы болгон. Ал атактуу Муратаалынын көзгө басар шакирти, республиканын эмгек сиңирген артисти, Салимадай булбул таңшык ырчынын, Казыбектей тунгуч скрипкачынын атасы эле.

Сайид аке 1901-жылы ак алтындуу Оштун Карасуу районунун Жылкелди айылында туулат. Борбую толуп, кабыргасы каткандан кыл кыяк менен комуздун артынан сая түшөт. Жердештери Ашыр, Айдараалы, Нарматтан, чоң атасынан кыяк тартканды үйрөнөт. Элдик ырларды ырдайт.

1933-жылдын жаз айында жаш шайыр Кыргыз драма театрында иштөөгө чакырылат. Ал театрда 1936-жылга чейин иштейт. Ал эми 1936-жылдан 1961-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда эл аспаптар оркестринде жана жеке кыякчы катары эмгектенет. Сайид аке кесиптештери менен кыргыз эле эмес, бүтүндөй КМШ өлкөлөрүн түгөл кыдырат. Бардык жерде, бүткүл элде жападан-жалгыз чыгаан кыл кыякчы катары терең урматтоо менен кабыл алынат. 1966-жылы залкар кыякчы «шум жалган, шум жалгандан ким калган» болуп, о дүйнөгө сапар алат.

Азыркы өзүңүздөргө тартуулай турган баардашуу 1962-жылдын 5-июнунда Сайид акенин үйүндөгү чакан устаканасында болгон эле. Кыл кыякчы жаңы эле эс алууга чыккан кези экен. Мен болсом 25 жашка жаңыдан кадам таштаган кезим. Кыргыз радиосунда музыкалык редактор болуп иштөөчүмүн. Ал кезде азыркыдай үн жазуучу аппараттар да жок болчу. Болгону салмагы 10 килограммдан ашык «МГ-10» деген аппарат бар эле. Сайид аке менен баардашууну ошол аппаратка жазгам. Анын максаты - кыл кыякчы менен бетме-бет отуруп, чапкан аспабын көрүү, бөлүктөрүн билүү, тарткан күүлөрүн угуу, колумдан келсе Сайид акеден кыяк чаптырып алсам, үйрөнсөм, таанышсам, баарысынан да улуу инсандын үнүн жазып алып, түбөлүккө калтыруу эле. Кыякчы менен баш-аягы 30 мүнөттөй баардашкан элем. Эми болсо ошол маектен иргеп алган үзүндүлөрдөн сиздерге тартуулайын.

- Атсалоом алейкум.

- Алеки салам.

- Иш илгери болсун. Кандай, жакшы турасызбы?

- Айтканың келсин. Кел балам, келегой.

- Менин сизге келгенимдин себеби - кыяк үйрөнөйүн деп жүрөм. Мүмкүн болсо кыяк чаап берсеңиз.

- Абдан жакшы болот. Азыркы таланттуу жаш балдар кыяк үйрөнүшсө колдорунан келет. Кептин баары талантта, эмгекте. Өзүңдөй жаш балдардан аяган кыяк кара жерге кирсин. Бир кыяк чаап, кылын тагып берейин.

- Рахмат, рахмат.

- Жаш экенсиң. Элибизде «Артык дөөлөт баш жарбайт» деген кеп бар. Азыртан үйрөнүп ал. Өнөр эч качан артыктык кылбайт. Мен кыяк, комуз үйрөнүүгө 9-10 жашымдан баштап кызыга баштадым. Айылдагы «баланчаныкына түкүнчө деген кыякчы, комузчу келиптир» деген сөздү укканымда кышпы, жазбы, күзбү, жайбы, түндөсүбү, күндүзүбү ээрчип, комуз черткендерин, кыяк тарткандарын тикирейе тиктеп, көшүлүп отурар элем. Анан «атаганат, ушулардай болсом» дегенде ак эткенден так этээр элем. Далай жолу түшүмө кыяк, комуз кирди. Акыры тилегим ишке ашты. Комузду да анча-мынча кыңгыратып черте коймой адатым бар, балам. Кийин бүтүндөй өмүрүмдү кыякка арнадым. Атамдын атасы кыяк, комуз чапкан уста эле. Ал киши анча-мынча кыяк тартып, комуз да черте койчу эле. Мына бул колумдагы кыякты чоң атам чаап берген. Маркум чоң атам: «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Кыякты үйрөнүп ал. Бактыңды байыркы аспаптан табасың. Таштабагын», - деп, өзү чапкан кыягын белекке берген эле. Чоң атамдын айтканы келди. Бактымды кыяктан таптым. Барбаган жерим, көрбөгөн элим калбады. Кадырлуу эс алууда жүрсөм да колумдан кыягымды түшүрбөй тартып жүрөм.

- Кыяк чаап жатыпсыз, ишиңиз илгери болсун. Аспаптын бир топ бөлүктөрүн жакшы билбейм. Ошондуктан, капа этпесеңиз бир топ суроо менен кайрылайын.

- Жакшы, жакшы болот. Сурай кой, садагасы.

- Бул кыл кыяктын кылыбы? Эмнеден жасалат?

- Бул кыл кыяктын кылы. Ал эки бөлүккө бөлүнүп тагылат. Үстүңкү кылы 75 тал, астыңкысы 65 талдан эсептелип тагылат. Кылдарды тагаардын алдында күлдөп, жакшылап самындап жууп, кургатыш керек. Анан гана тагылат. Жөн эле тагып койсоң үн чыкпайт. Эгерде өлгөн, сойгон аттардын кылдарын таксаң, ойдогудай мукам үн чыкпайт. Ошондуктан тирүү аттын, болгондо да эки асый күлүк, басаган аттардын куйрук кылынан жулуп же кыркып алып таксаң үндүү, бышык, чечен болот. Баса, аспапты тартаардын алдында дайыма кылдарга чайыр сүйкөп тагыш керек.

- Кыяктын мына бул тегерек оюгун эмнеси деп коёт?

- Муну «кыяктын чарасы» дейбиз. Ал 3,5-4 сантиметрдей тереңдикте оюлат. Ал эми капкагы болсо төөнүн терисинен капкакталат.

- Башка тери болбойбу?

- Жылкынын, уйдун, койдун, эчкинин терилери жарабайт. Бир гана төөнүн териси жарайт. Капкактын алдына туурасынан кичинекей жыгачтан бертик (төшөгүч) коюлат. Ал эми капкактын дал ортосунан ылдый карай ичке кайыш тартылат. Ал аспаптын чарасына бекитилет. Аны «куткун» дейбиз. Бул болсо тепкеси. Ал өрүктөн, тыт жыгачынан жасалат. Кыяктын өзү болсо негизинен өрүктөн, арчадан чабылат. Башка эч бир жыгач жарабайт. Аспаптын аягы санга коюп, эки тизенин ортосуна кыпчып ойнош үчүн ичке келет. Кыяктын жалпы узундугу 45-60 см. болот. Ал эми аспаптын кыска, узун чабылышы - ар бир устанын өз эрки. Ал эми өзүңдөй жаш үйрөнчүктөр, өзгөчө жаш балдар үчүн аспаптын кыска болушу алып жүрүүгө эптүү келет. Бул башындагы бири-бирине карама-каршы коюлганы - эки кулагы. Ал чыгармаларды күүлөп тартууда эң негизги милдеттерди аткарат. Ал ыргайдан, чычырканактан, көбүнчө табылгадан жасалат.

- Кыякта бардык эле күүлөр тартылабы?

- Бардык эле күүнү тартса болот.

- Канча толгоодо күүлөнөт?

- Эки толгоодо күүлөнөт. Биринчиси ля-реге, ля-солго күүлөнөт. Кыяктын мойнунун алкымынан «Бекарстан», «Топ жылкы», «Сырдаш» өңдүү чоң күүлөр тартылат. Ал эми белинен болсо абан күүлөр аткарылат. Элдик уламада комузду Камбаркан, кыякты болсо Бекарстан (Арстан) деген адам ойлоп тааптыр. Ошондуктан «кыяк күүлөрүнүн башы - Бекарстан» делет. Азыр ошол күүлөрдүн атасы аталган «Бекарстанды» аткарып берейин. Мына ушундай татаал көп кайрыктагы күүнү үйрөнүп алсаң, калганы өтө жеңил.

- Мен өңдөнгөн жаш талапкерлерге кандай кеңештерди берээр элеңиз? Кайсы күүдөн баштап тартсам?

- Өзүң билгендей, жаштар обондорду жакшы көрүшөт. Ошондуктан ар кандай обондорду тартып үйрөнүүнү сунуштаар элем. Себеби, чоң салт күүлөргө караганда обондордун кайрыктары аз келип, жеңил аткарылат. Обон күүлөрдү жакшылап үйрөнгөндөн кийин кара күүлөрдү тартуу анча кыйын болбойт. Эми мен илгерки кадимки Эсенаалынын «Ой тобосун» обонун тартып берейин.

Баардашуунун уландысын келерки берүүлөрүбүздүн биринен угуңуздар.

Тектеш

XS
SM
MD
LG