Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

МОЗДОКТО КУТКАРУУ ИШТЕРИ АЯКТАДЫ, КУРМАНДЫКТАРДЫН САНЫ ӨСТҮ


Улан Эшматов, Прага шаары Моздок шаарында куткаруу-издөө иш-чаралары аяктап, андагы аскердик оорукананын жардырылуусунан курман болгондордун саны 50 адамга жетти. Дүйшөмбү, 4-август күнү - Түндүк Осетияда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок Орусия бийликтеринин ишениминде, бул – чечен жикчилеринин колунан келген иш.

Моздоктогу окуя - өткөн жылдын соңунан бери Орусиянын аймагында жанкечтилер жасаган ири жардыруулардын төртүнчүсү. Ал эми аткарылуу ыкмасы жагынан ал былтыр декабрда Грозныйда болгон жардырууга төп келди. Анда да бортуна жардыруучу зат жүктөлгөн "КАМАЗ" машинасы чечен администрациясына караштуу имараттар комплексине кирип келип жарылганда, 80ден ашуун киши каза таап, 150сү жаракат алган эле. Бул жолу да дал ошол сценарий кайталанды. Жума күнү кечке жуук "КАМАЗ "машинасы Моздоктогу аскерий оорукананын дарбазасын бузуп өтүп, дубалды сүзүп жарылган. Жардыруудан оорукананын имараты толук кыйрап, жалпысынан жүздөн ашуун киши жабыр тартты. Курман болгон 50-кишинин сөөгүн куткаруучулар урандылардын алдынан жекшемби күнү эртең менен табышты. Ал эми ооруканаларга ар кандай деңгээлде жаракат алган 64 киши жеткирилди. Муну менен кырсык болгон жерде куткаруу–издөө иштери аяктап, эми урандыларды тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадовдун Москвадагы өкүлү Саламбек Маигов көз карандысыздык үчүн күрөшүп жаткан чечен лидерлеринин бул кандуу окуяга катышы жок экенин билдирди. Бирок орус бийликтери аталган террактын артында да чечен козголоңчулары турганынан шек санашпайт.

Орусия баш прокурорунун орун басары Сергей Фридинскийдин айтымында, негизги версия ирээтинде чечен козголоңчуларынын федералдык аскерлерден өч алуусу каралууда. Жардырылган ооруканада Чеченстанда жаракат алган аскер кызматчылары дарыланышчу. Анын үстүнө Моздок шаары Чеченстандагы аскерий иш -чаралар үчүн база катары эсептелүүчү.

Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун айтымында, жардыруунун алды алынбагандыгы үчүн жергиликтүү аскерий жетекчилердин да шалаакылыгы өбөлгө түздү. С.Иванов Моздокто болгон учурунда кабарчыларга буларды билдирди:

- Мен сиздерге бир эле мисалды айта алам. Мурда берилген буйруктарга карабастан, оорукана автомобилдерди мажбурлап токтотуучу каражаттардын бири менен да жабдылган эмес.

Ал эми Орусиянын Чеченстан боюнча министри Станислав Ильясов болсо терракт үчүн коопсуздук кызматтарын күнөөлөө ылйыксыз деген пикирде. Ильясов "Итар-Тасс" агенттигине берген маегинде айткандай, коопсуздук кызматтары терракттарды алдын алуу үчүн мүмкүн болгон да, болбогон да нерселерди жасоодо. Ал эми жанкечтилерди токтотуу кыйын, бул үчүн алардын уюштуруучуларын жок кылуу керек.

Орусия президенти Владимир Путин болсо Кремлдеги жыйында Моздоктогу окуянын Чеченстандагы саясий жөнгө салуу жараянына таасири тийбеши керектигин белгиледи. Бул жерде октябрь айынын башында президенттик шайлоо өтөт.

Москвадагы Саясий изилдөөлөр институтунун эксперти Сергей Марков Моздоктогудай жардыруулар Орусияны дагы бир нече жылдарга коштоп жүрүшү мүмкүн деп кооптонот. Анын пикиринде, чечен козголоңчулары республиканын аймагын ала албасына көзү жеткен соң, стратегиясын өзгөрттү.

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Лондондогу институттун Чеченстан боюнча эксперти Томас де Ваал мырза да жанкечтилик чечен козголоңчулары үчүн жаңы көрүнүш деп эсептейт. Томас де Ваал "Нью- Йорк Таймс" гезитинин кабарчысына берген маегинде белгилегендей, мындан беш-алты жыл мурун Чеченстандан жанкечтилер чыгаары жөнүндө ойлоо мүмкүн эмес эле.

XS
SM
MD
LG