Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Моздок шаарындагы жардыруудан каза болгондор саны 50гө жетти


Жекшемби күнү кечинде Түндүк Осетиянын Моздок шаарындагы аскердик оорукананы жардыруудан набыт болгондордун саны 50гө жетти. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаракат алган 64 киши ооруканаларда жатат. Өлкөнүн расмий өкүлдөрү жума күнкү жардырууну чечен жикчилдери жасады деп шектөөдө. Чечен администрациясынын башчысы Ахмад Кадыров Чеченстандагы президенттик шайлоого катышаарын бүгүн расмий түрдө билдирди. Согуш жүрүп жаткан бул жумуриятта преиденттик шайлоо 5-октябрга белгиленген. Кадыровго чейин төрт киши президенттикке талапкерлигин койоорун кабарлаган. Кремлге жакын «Бирдиктүү Орусия» партиясы Ахмад Кадыровдун талапкерлигин колдоорун буга чейин жарыялаган. Кадыров 2000-жылдан бери маскөөчүл чечен администрациясын жетектеп келатат.

XS
SM
MD
LG