Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

ПОЛКОВНИК Э. ЭСЕНАЛИЕВ: «ОШТО ЧЕК АРАНЫ БУЗГАНДАР КӨП»


Кожогелди Култегин, Ош 16-июль күнү Карасуу шаарында өзбекстандык аскер кызматчысынын аткан огунан Кыргызстандын бир атуулу набыт болгону белгилүү. Бирок бул кайгылуу окуяга байланыштуу эки өлкө териштирип жаткан иш соңуна чыга элек. Ошол маселенин акыркы жагдайы тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Эркин Эсеналиевге суроо салдык.

- Эркин мырза, балакеттин баарысы Карасуудагы Шархансай дарыясына салынган көпүрөнү Өзбекстан тарап буздуруп салганынан чыгып олтурат. Шархансай дарыясы аркылуу жасалма көпүрөдөн ары-бери өтүүгө, демек Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын бузууга каршы, тиги жигит өлгөнгө чейин, биз тараптан да иш-чаралар уюштурулду беле?

- Бир топ кишилер ушундай жасалма көпүрө салып, зым аркан же үйлөтмө шарлар менен ары-бери өтүп, «соода кылып атабыз, тиричилик кылып атабыз, ары жактагы туугандар менен катташып атабыз» деген ар кандай шылтоолор менен чек ара эрежелерин бузган көрүнүштөр өтө эле көп болуп атты. Бул боюнча өзүбүздүн атуулдардын үстүнөн кылмыш ишин козгогонго чейин мажбур болуп аттык.

- Тактап айтканда, канча кишиге кылмыш иши козголду? Канча киши административдик жаза алды эле?

- Быйыл эки кылмыш иши козголгон, отузга жакын административдик протокол түзүлгөн.

- Ал эми тиги кайгылуу окуядан - Үркүнбаев Адылжан өлтүрүлгөндөн кийин Карасуудагы чек ара бузуулар тыйылдыбы?

- Биздин маалыматтар боюнча, жасалма көпүрөлөрдү, же бөлөк нерселерди азыр үйлөрүнө катып алып, түнү болобу, же күндүз деле, ошол жерде милиция кызматкерлери жок убакта ошондой иштер дагы эле улантылып атат. Бул дагы-дагы болбосун бир чоң кырсыкка алып барат.

- Көп адамдар ошол дарыядан жасалма көпүрөлөр менен кулап кетип чөгүп өлгөн турбайбы?

- Өзбекстан тараптагы биздин кесиптештердин маалыматы боюнча, акыркы 3 жылдын ичинде каналда жүздөгөн кишилер сууга чөгүп, өлүмгө дуушар болуп атат. Булардын арасында чек ара бузгандар, өздөрү кокустан түшүп кеткендер бар. Быйыл «жасалма, үйлөтмө кайык менен өтөбүз» деп, бир топ кишилер сууга чөгүп, өлүмгө дуушар болуп атат.

- Мындай бир парадокс байкалат: азыр карасак дарыянын Өзбекстан тарабын чек арачылар кайтарууда, ал эми Кыргызстан тарабын милиция көзөмөлдөөдө. Бул иш эң оболу Кыргызстандын чек арачыларынын милдети болууга тийиш го дейм?

- 16-июлга чейин, андан кийин деле кайтаруу милиция кызматкерлерине жүк болуп атат. Ошол жерде чек арачылардын эрежеси боюнча бекеттер болсо, күндүз, түнкүсүн кайтара турган өздөрүнүн кайгуулдары болсо, балким мындай көрүнүштөр азаят эле, же түбү менен жоголот эле.

- Адылжан Үркүнбаевдин атылып өлтүрүлүшүнө байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстанда жасалып жаткан иштердин соңку күндөрдө ың-жыңы чыкпай кетти го?

- Бул факты боюнча тиешелүү кылмыш иши козголуп, азыр тергөө жүрүп атат. Анын өзүнүн эрежеси боюнча, эл аралык мамилелер боюнча биз өзүбүздүн тараптан ким, кандай себепте ок атканын изилдеп атабыз. Маселе мындай чечилет: тергөө бүткөндөн кийин кылмыш ишин биз Өзбекстан тарапка берип, ок аткан кишини өздөрү таап, анын кылган аракетине алар өздөрүнчө баа берип, жоопко тартылат. Бир топ иштер бүтүп калды.

- Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жиберген эки жолку нотада тең «бул ишке кыргызстандык атуулдар өздөрү күнөөлүү, өзбекстандык чек арачы өзүнүн жанын коргоп калыш үчүн тиги жигитти аткан» деп атат. Кечээ жакында Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Ошто кеңешмеси өткөндө бул боюнча биз Өзбекстандын ички иштер министри Алматовго суроо салдык. Ал дагы: «Чек арадан мыйзамсыз түрдө жасалма, жыйып алма көпүрөлөр аркылуу өтүп жатышса, аткезчил товарларды алып өтүшсө, чек арачыга кол салышса, кечирип коёсуз, биз эмне кылышыбыз керек эле? Бул жерде Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын бузуп өтүп жатышат, анан чек арачыга кол салганда берки курал колдонгон, ошентип адам өлүмгө учураган», - деген жооп айтты. Эмне үчүн алар Кыргызстан тарапты күнөөлөп жатышат деп ойлойсуз?

- Бул кандай гана болбосун ок аткан өзүнүн атуулунун кылган ишин жактоо тарабында болушу мүмкүн. Же болбосо органдын өкүлдөрү, балким, окуя болгон жерди билишпейт. Билбестиктен улам ушундай туура эмес маалымат берип коюшу мүмкүн.

- Бул жерде кошумча катары Кыргызстандын тергөө иштеринин маалыматтарынан айта кетсеңиз, мүмкүн болсо. Кыргызстандыктар күнөөлүү эмеспи?

- Бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлгөн тергөө ишинин негизинде бизде «Кыргызстандын атуулдары окуя болгондогу көпүрө менен чек араны бузуп, аркы Өзбекстандын аймагына өтүп, аларга куралдуу түрдө кол салышкан» деген маалымат жок.

- Акыркы суроо. Адылжан Үркүнбаевди аткан өзбекстандык аскер Кыргызстанга белгилүүбү?

- Тергөөнүн өзүнүн жашыруун жагы бар. Ошон үчүн азыркы учурда анын атын айта албайм. Бирок бүгүнкү күндө ал ким экени Өзбекстан тарапка да, бизге да белгилүү.
XS
SM
MD
LG