БИШКЕК. 2-августтан 12-авгуска чейин Хакасияда бир нече өлкөлөрдүн күтүүсүз кырдаалдар министрликтеринин адистеринин эл аралык мелдеши өткөрүлүүдө. Ага Польшанын, Казакстандын, Кыргызстандын, Украинанын жана Орусиянын өкүлдөрү катышууда. Он күнгө созулган мелдеш учурунда анын катышуучулары күтүүсүз экологиялык кырсык шартында адамдарга жардам берүү боюнча өз өнөрүн көрсөтүшөт.