Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Кыргыз тилинин маселелерин бейөкмөт уюмдар талкууламак болушту


БИШКЕК. Келерки аптада Бишкекте бейөкмөт уюмдардын катышуусу менен мамлекеттик тилге арналган конференция болоору күтүлүп жатат. Конференцияда мамлекеттик тилдин баркын көтөрүү маселеси талкууланып, анын жыйынтыгы менен коомчулукка жана тиешелүү тармактарга тилди колдоочу программаларды иштеп чыгуу сунуш кылынат. Бул тууралуу бүгүн Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева кабарлады. Анын пикиринде, кыргыз тилинин баркын көтөрүш үчүн мамлекеттик кызматчыларды кызматка кабыл алууда орус жана кыргыз тилин бирдей билүү талабын коюш керек.

XS
SM
MD
LG