Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Өнөктөштөрү «Эл жери» коомунун төрайымын «жалаа менен камалды» деп жатышат


БИШКЕК. ««Каражыгач» жаңы конушунун кварталдык комитетинин башчысы, «Эл жери» коомунун төрайымы Роза Мамбеталиева жалаа менен камакка алынды. Муну менен тартип коргоо органдары анын үй куруучу, аял, эне катары укугуна шек келтирүүдө». Бүгүн «Чакыруу» бейөкмөт уюмунун төрайымы Бурул Исмаилова ушундай билдирүү жасады. Анын маалыматына караганда, Р. Мамбеталиева «2 миң сом пара алды» деген айып менен 17-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан камакка алынган. Бирок, Б. Исмаилованын ырастоосу боюнча, сөз болуп жаткан каражат жаңы жеке курулуштун башкы планын, топографиялык чиймесин чийүү максатында суралган. «Бул иш атайын уюштурулгандыктан, далилдөө мүмкүн болбой жатат», - дейт «Чакыруу» коомунун төрайымы. Бирок Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, ички иштер министринин орун басары Кеңешбек Дүйшөбаев жакында өткөн маалымат жыйынында мындай көз карашка кайчы пикирин билдирген. Анын маалыматы боюнча, Р.Мамбеталиеванын кылмыш жасагандыгы боюнча жети факт такталып, тергөө уланып жатат. Учурда Р.Мамбеталиева Панфилов районуна караштуу, аялдардын Вознесеновка түрмөсүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда.
Роза Мамбеталиева - 1999-2000-жылдары өсүп чыккан үй куруучулар кыймылынын мүчөсү жана «Куруучулар штабы - 2001» деп аталып, бирок, каттоодон өтө элек үй куруучулар бирикмесин түзүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG