Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:13

ПХЕНЬЯН АРТКА ЧЕГИНЕБИ?


Бүбүкан Досалиева,Прага Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасы боюнча АКШ, Орусия, Жапония, Кытай жана Түштүк Кореянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди. Бул өлкөнүн тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, сүйлөшүү жакын арада Кытайдын Пекин шаарында болушу мүмкүн. Бул иш-чара болсо ал Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын айынан түзүлгөн кыйын кырдаалдан чыгууга жасалган алгачкы кадам болот. Деги ал натыйжалуу болобу? Эл аралык саясат иликтөөчүлөрдү азыр мына ушул маселе бейпайга салып турат.

Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө макулдугун өткөн жума күнү, АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жон Болтон адегенде Кытайга, андан кийин Жапонияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин билдирди. Ал тууралуу Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ли Соо-Хук жума күнү өткөрүлгөн брифингде төмөнкүчө жарыя кылды:

Кечээ Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасына байланыштуу түзүлгөн жагдай тууралуу алты тараптуу сүйлөшүүгө макул экендигин бизге кабарлады

Анын айтымында, бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу болушуна Түштүк Корея абдан катуу аракеттенүүдө:

Биздин өкмөт АКШ, Япония, Кытай жана Орусия катышкан бул сүйлөшүүлөрдүн болушуна абдан активдүү аракет кылды жана бул чакан топ өзүнчө сүйлөшүүсүнө демилгечи болду. Биз Түндүк Кореянын бул чечимин колдойбуз жана аракетибиздин жемиштүү болот деген ойдо турабыз.

Түндүк Корея буга чейин өзүнүн өзөктүк программасы боюнча АКШ менен көзмө-көз гана сүйлөшүүнү талап кылып жаткан. Бирок, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтондун өткөн жума күнү Чыгыш Азия региону боюнча сапарынын учурунда аны менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Ага Жон Болтондун Пхеньяндын режимин кескин сынга алып, Түндүк Кореядагы жашоону “тозоктун оту” деп атаганы себеп болгон. Жон Болтон мындай сынды Сеулга барган кезде айтып, Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ир “падышанын бак-дөөлөт, байлыгына чулганып жашап жаткан кезде, анын миллиондогон мекендештери өлбөстүн күнүн эптеп көрүп жатышат”- деп ачууланган. Мындай сындан кийин дароо эле тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, анда “Пхеньян мындан ары өлкө башчыларына айтылган мындай сындарга чыдабастыгын жана Жон Болтонду АКШнын расмий өкүлү деп эсептебей тургандыгын” жарыя кылган жана АКШны “ адамзат коомунун чектен чыккан саркындылары жана кан соргучтар” деп атап, алар менен бир үстөлгө отуруп, сүйлөшүү мүмкүн эмес экендигин эскерткен.

Бирок, Пхеньян ошол эле учурда өзөктүк программасы боюнча башка абройлуу мамлекеттердин өкүлдөрү менен бирге пикирлешүүдөн качпай тургандыгын билдирди. Буга сүйлөшүүгө акыркы тогуз айдан бери макул болбой жаткан Түндүк Кореяны Жон Болтондун “өзөктүк программа маселесин Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкуулатуу керек”деген сунушу чоочутту көрүнөт. Пхеньян мындай сунушту дароо четке кагып, “эгер АКШ өзөктүк программаны Коопсуздук кеңеште каратуу аракетин көрсө эле аны “кылмыш” деп эсептээрин жана ал согушка кириптер кыла тургандыгын” билдирген.

Эгер сүйлөшүү аракети ишке ашчу болсо, ал анда 2002-жылдын октябрь айында башталган кризисти жөнгө салууга жасалган алгачкы кадам болот жана анын учугу бир далайга чейин созулаары турган иш деп жатышат саясатчылар. Түндүк Корея өткөн жылы өзөктүк куралдарды таркатпоо жөнүндөгү келишимден бир тараптуу чыгып, курал жасоого жарактуу плутоний өндүрүшүн кайра калыбына келтирген. АКШ болсо Түндүк Кореяны өзөктүк куралдарды чыгарууга багыт алды деп айыптаган.

Айрым байкоочулардын баамында, Пхеньян сүйлөшүүгө макул болуу менен АКШ менен соодалашууну жана анын негизинде Түндүк Кореяга АКШ кол салбайт деген макулдашууга жетишүүнү көксөп турат. Пхеньяндын мындай көмүскө максатын байкаган АКШ өзү ачык айтпаган менен өкүлдөрүнүн тили менен “АКШ өзөктүк коркутуп-үркүтүүлөргө чыдай албайт” деп айттырды жана Түндүк Корея өзөктүк программасынан толук баш тартканда гана аны менен тынчтык макулдашуу түзүлөөрүн жашырган жок.
XS
SM
MD
LG