Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

КЫРГЫЗСТАН КОҢШУЛАРЫ МЕНЕН МАМИЛЕСИН ЖАКШЫРТА АЛАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Ош шаарында чогулган Орто Азия мамлекеттеринин күч министрлери “мындан кийин бетме-бет сүйлөшүлгөн сөздөр кагазда калбай, турмушка ашсынчы» деген ойго токтолушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков 4-августта өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ошто 1-августта өткөн ал жыйында коңшу мамлекеттердин терроризмге, экстремизмге жана баңгиликке чогуу күрөшүшүнүн тегерегинде сөз болду. Бирок, террорчулуктан коргонууну көздөп чек арасын миналаган Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чекит коюла элек маселелер талкууланган жок. Чек арада кыргызстандык жарандардын минага жарылып же окко учуп набыт болгону - өзбек-кыргыз мамилесинин татаалдыгынын далили. Айрым байкоочулардын баамында, Кыргызстан алыскы өнүккөн өлкөлөрдөн мурун коңшулары менен тышкы саясатын жакшыртканы оң.

Болот Жанузаков ириде атайын кызматтардын жана ички иштер органдарынын жетекчилери сөз кылган маселелердин баарын эле журналисттерге ачык айта албасын эскертти. Анын айтымында, генералдар маңдай-тескей отуруп, көп нерсени ачык сүйлөшүп алышты. Жанузаков мырза Борбор Азиялык Кызматташтык Уюмунун чегинде мынча көп генерал биринчи жолу чогулганын баса белгиледи. 1999-жылы 1-августта Кыргызстандын Баткен дубанына белгисиз куралчандар кол салгандан бери Борбор Азия мамлекеттери чек ара сакчылыгын катуулатты.

Бул окуя Кыргызстанга гана эмес, коңшуларга да сабак болгону дайын. Кыргызстан бул коогалаңда негизги соккуну өзүнө алып, 100гө жакын уулунан айрылып, дагы ушунча жигит жарадар болуп, азыр майыптык пенсиясы менен жан багууда. Эки жыл катары менен кайталанган Баткен коогалаңынан кийин айрыкча Өзбекстан кыргыз жана тажик тараптагы чек арасын бекемдеди.

Жакында эле Өзбекстандагы туугандарына учурашканы бараткан кыргызстандык, улуту өзбек карасуулук жигит Адылжан Үркүнбаев өзбек чек арачысынын огунан набыт болду. Мындай окуяларга Кыргызстан нота жөнөткөнү менен, кээ бир байкоочулардын баамында, ырасмий Ташкен кыргыз бийлигин тоготпогондой мамиле кылып келет. Ал эми Өзбекстандын ички иштер министри Зокиржан Алматов Оштогу жыйын учурунда «Азаттыктын» кабарчысына бул туурасында: «Өзбекстандын чегин бузуп, жасалма, жыйып алма көпүрөлөр менен өтүп атышса, аткезчилик менен товарларды алып өтүп атышса, кечирип коюңуз, анан биз эмне кылышыбыз керек?» - деп ийин куушурду. Кыргыз бийлиги болсо «чек арадагы чыр-чатактар - бара-бара акырындык менен саясий жол аркылуу чечилчү маселе» деп санайт.

- Кыргыз-өзбек чек арасында акыркы кезде кайгылуу окуялар болуп атат. Бул маселе акырындык менен саясий жол аркылуу чечилиши керек. Учурда чоң чатакка айландырбай чечиш үчүн дипломатиялык жолдорду караштырып атабыз. Бул маселе эң жогорку деңгээлде гана чечилээрин белгилегим келет, - дейт Болот Жанузаков.

Кыргызстан менен Өзбекстан 1996-жылы «Түбөлүк достук тууралуу» келишимге кол коюшкан. Бул эки коңшулаш өлкөнүн ортосунда баш-аягы 80ге чукул ар кандай келишимдер бар. Бирок, «түбөлүк достукка» кол кармашкандары менен, чек арадагы кандуу окуялар эки мамлекеттин ортосун суу сепкендей муздатып келет. 1999-жылы Баткен окуясында Ош дубанындагы Каратейит айылын өзбек учагы бомбалап, 13 киши жарадар болуп, 7 киши каза тапкан. Кыргызстан бул окуядагы материалдык жоготууну 10 млн. сомго баалаган. Ошол эле жылы ырасмий Ташкен Сох жана Шахимардан анклавдарынын боюн миналоого киришкен. Андан бери Кыргызстандын бир нече атуулу жана ондогон жандыктары өзбектер орноткон миналарга жарылды. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасындагы ок атышуулар эки элдин ортосуна жарака кетирип, мамилени ого бетер татаалдантып келет.

Болот Жанузаков адам өмүрүнүн кыйылышын абдан оор кайгы деп карайт. Ошол эле учурда «ар бир мамлекет чек арасын кандай ыкта кайтарса өз эрки» деп эсептейт. «Кыргызстанда Өзбекстан менен гана эмес, Тажикстан, Казакстан менен да чечиле элек маселелер арбын», - дейт Жанузаков мырза. Чынында эле Кыргызстан алыскы өнүккөн чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди жакшы жолго койгонуна карабастан, коңшулары менен талаш-тартыштары арбын. Коомчулукта «Кыргызстандын жетекчилиги алысты мелжебей, ириде түбөлүк коңшулары менен болгон бардык маселесин чечип, жылуу, ачык-айкын мамиле түптөшү зарыл» деген пикирлер бар. Мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев да ушундай ойду айтып жүргөндөрдүн бири. М. Иманалиев мырзанын пикиринде, Кыргызстан үчүн тышкы саясат алгач Орто Азия мамлекеттеринен башталат:

- Кыргызстандын тышкы саясаты - Орто Азия мамлекеттеринде. Коңшулар менен мамилени жакшыртуунун үстүндө иштеш керек. Албетте, Өзбекстандын мина коюп, кыргыз атуулдарына ок чыгарганы - абдан жаман көрүнүш. Канчалаган ноталар жөнөтүлдү, бирок өзбек бийлиги терроризмди шылтоолоп кутулууда. Бул жооп бизди канааттандырбайт. Кыргызстан эгемен мамлекет катары биринчи кезекте өз коңшулары менен тил табышып, мамилесин бир жолго коюшу зарыл.

Өзбек чек арачылары кыргызстандыктарга ок атып, көбүнчө алардын бул жоругу кайгылуу аяктап атат. Ошол эле кезде Өзбекстандын басма сөз каражаттарында чек арадагы чатактарга кыргыз бийлигин күнөөлөгөн макалалар да арбын. Өзбек бийлиги болсо Кыргызстанга алдын-ала билдирбей, кеңешпей чек ара бекеттерин орнотуп алган учурлар курчуп бараткан келишпестиктин күчөшүнө гана салым кошту. Азапты болсо ошол аймакта жашаган карапайым эл тартат эмеспи. Мындай көрүнүштөргө баам салып отуруп, бул өңүттөгү чыр-чатактардын болушуна Өзбекстандын эмес, Кыргызстандын жетекчилигин айыптаган да адамдар бар. «Трибуна» гезитинин башкы редактору Рысбек Өмүрзаков «Өзбекстандын мындай мамилесине кыргыз бийлиги өзү күнөөлүү» деген ойдо:

- Өзбекстан биздин атуулду атып салган аскерин «күнөөлүү эмес» деп, мамлекеттик деңгээлде коргоп атат. Өзбек бийлиги кандай шартта болбосун өз жарандарын сыйлайт жана коргоп алат. Ал эми элин сыйлабаган кыргыз бийлигинин талаптарын ким угат? Өз инсандарын сыйлабаган мамлекетти, албетте, башка мамлекет ушинтип тоготпой коёт.

Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чечиле элек көйгөйлөрү арбын. Чек арага өткөрмө бекеттерди орнотуу тууралуу келишимдердин долбоорун Өзбекстанга, Тажикстанга жана Казакстанга Кыргызстан эчак жөнөткөн. Алдыда Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араны тактап алуу турат. Эксперттердин айтуусунда, өзгөчө Өзбекстан менен чек араны такташ оор болууда. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Исмаил Исаковдун айтымында, кыргыз-өзбек чек арасында эле 140тан ашык талаш жерлер бар. Кыргызстандын жетекчилиги эмитен коңшулары менен мамилесин кайра карап чыкпаса, мамлекеттик маанидеги саясий жана экономикалык талаш маселелерде уттуруп коюушу ыктымал.
XS
SM
MD
LG