Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

АЗЕРБАЙЖАНДЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ БОЛУП ПРЕЗИДЕНТ АЛИЕВДИН УУЛУ ИЛХАМ АЛИЕВ ШАЙЛАНДЫ


Айданбек Акмат уулу, Прага Дүйшөмбү күнү Азербайжан парламенти Илхам Алиевди өкмөт башчылыкка шайлады. Премьер-министрликке анын талапкерлигин учурда Түркияда дарыланып жаткан атасы Гейдар Алиев сунуштаган.

Азербайжандын 125 кишиден турган парламенти – Милли Межлис дүйшөмбү күнү чукул сессия чакырып, анда президент Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиевди премьер -министр кызматына бекитти. Маалымат боюнча добуш берүүгө 102 депутат катышып, 101 депутат Гейдар Алиевдин уулунун талапкерлигин колдогон. Ал эми оппозициялык маанайдагы депутаттар бүгүнкү отурумга катышкан эмес. Добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Илхам Алиев мындай деди:

Биздин парламентте көптөгөн партиялардын өкүлдөрү жана көз карандысыз, анын ичинде оппозициялык депутаттар бар. Мен алар бир добуштан колдойт деп күткөн эмес элем. Бирок мени колдоп бергендердин баарына ыраазымын.

Премьер-министр - Азербайжан конституциясы боюнча президенттен кийинки экинчи жогорку кызмат. Эгерде президент каза болсо, же милдетин аткара албай калса, анда бийлик премьер-министрдин колуна өтүп, 3 айдан кийин президенттик шайлоо болууга тийиш.

Илхам Алиевге чейин Азербайжан өкмөтүн Артур Расизаде башкарып келген эле. Премьер-министрлик кызматка эми гана шайланган Илхам Алиев президент Гейдар Алиев жүргүзүп жаткан экономикалык саясатты улантаарын, кескин кадрдык өзгөрүүлөр жасабастыгын билдирди:

Азербайжан экономикасы өсүүдө. Мен бул курсту сактаймын. Өкмөттө да олуттуу өзгөрүүлөр болбойт деп ойлоп жатам. Ал эми президенттин ден соолугу жакшы. Ал бир нече күндөн кийин кайтам деп жатат, бирок дарыгерлер уруксат бербей турат. А мен анын жакын арада кайтып келерине ишенем.

42 жаштагы Илхам Алиев буга чейин өлкөнүн мамлекеттик мунай компаниясынын башчысынын орун басары жана Европа биримдигинин Парламенттик Ассамблеясындагы Азербайжан делегациясынын башчысы кызматтарын аркалап келген.

Азербайжанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Гейдар Алиев башында турган бийлик уюштурган «Жаңы Азербайжан» партиясы президенттикке талапкерликке буга чейин ата-бала Алиевдерди көрсөткөн. Ал эми өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы «Жаңы Азербайжан» партиясынын төрагасынын орун басары Илхам Алиевди президенттикке талапкерликке 1-августта каттады. Буга чейин анын атасы да талапкер катары катталган эле.

Адистердин пикиринде, Илхам Алиевди капысынан премьер-министрликке бекитүү Гейдар Алиевдин саламаттыгынын чындыгында эле оорлугу менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Азербайжандын 80 жаштагы президенти Гейдар Алиев дээрлик бир айдан бери Түркиянын «Гүлхане» аттуу аскерий ооруканасында дарыланып жатат. Анын жүрөгү, боору ооруп жатат деген маалыматтар айтылууда. Акыркы кезде Гейдар Алиевдин ден соолугу кескин начарлап кетти деген имиштер чыгып, ал түгүл Азербайжан президенти о дүйнө салды деген чындыкка төп келбеген кабарлар менен коштолууда. Мындай имиштер эл аралык деңгээлде алешемдикти да жаратты. Маселен, Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе Гейдар Алиевдин көзү өтүп кетти деген кабарды кайдан-жайдан уга коюп, Азербайжан элине расмий түрдө көңүл айтуу жибере койду. Бирок кабардын калп экендиги беш мүнөттөн кийин аныкталып, Грузия сөзүн кайра алып, кечирим суроого мажбур болду. Азербайжандык оппозициялык маалымат каражаттары да Алиевдин көзү өткөндүгү тууралуу маалыматты 1-августа жарыялашкан. Бирок расмий бийлик булардын баарын төгүнгө чыгарган.

Түркиянын ооруканасынан Алиевдин абалы тууралуу эч кандай ачык маалымат айтылган жок. Мына ошондуктан ар кандай түкшүмөлдөр, имиштер чыгуусуна өбөлгө түзүлүүдө.

Гейдар Алиев Азербайжан президенттигине Тоолуу-Карабак согушу от алып турган убакта 1993-жылы келген. Азербайжан бир канча жерин тарттырган менен, кийинчерээк, Армения менен согуш аракеттери токтотулду. Гейдар Алиев жүрөгүнө өткөн жылдары Америкада операция жасатып келген. Андан кийин быйылкы жылы жалпы Азербайжанга көрсөтүлүп жаткан парламент жыйынында сөз сүйлөп жатып, жүрөгүнөн кармап жыгылган. Бирок президент андан кийин кайра жумушун баштаган эле. 8-июлда ал дарылануу үчүн Түркиянын атайын аскерий ооруканасына жаткырылып, мына ошондон бери ооруканада кармалууда.

XS
SM
MD
LG