Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

КУМТӨР «КАМЕКОГО» САТЫЛБАЙ ТУРГАН БОЛДУ


Сапар Орозбаков, Бишкек Премьер-министр Николай Танаев 31-июлда өткөн өкмөт жыйынында «Кумтөр голд компанинин» Кыргызстанга тиешелүү акцияларын өткөрүп берүү тууралуу «Камеко» корпорациясынын сунушуна президент Аскар Акаев «Кыргызстан ал сунушту кабыл албайт» деп жооп бергендигин маалымдады.

- Бул маселе боюнча иштеген өкмөттүк комиссия ““Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо тууралуу “Камеко” корпорациясынын сунушу бизге ылайык келбейт” деген бүтүмүн билдирди. Ошондуктан “Камеконун” жетекчилеринин дарегине “Кыргызалтындын” президенти К.Кудайбергеновдун, андан кийин Аскар Акаевичтин колу коюлган жооп жөнөтүлдү. Бирок биз көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө жана активдерди тактоого жардам бериши тууралу Дүйнөлүк Банк менен сүйлөшүп жатабыз. Бул, биз өзүбүздүн активдер менен кийинчерээк баалуу кагаздар базарына чыгыш үчүн жасалат, - деди өкмөт башчысы Николай Танаев 31-июлда өткөрүлгөн өкмөт жыйынында.

Премьер-министр өзүнүн сөзүндө өкмөттүк комиссия эмне үчүн мындай чечимге келгенин айткан жок. Аны өкмөттүк комиссиядан же “Кыргызалтын” акционердик коомунан тактоого мүмкүн болбоду. Бирок бул маанилүү маселе. Анткени финансы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев башында турган комиссия “бизде мындай сунушту баалай турган адистер жок” деп, жарым жылдан бери эч кандай бүтүм чыгарбай келген.

- Өкмөттүн мындай сунушту баалоо боюнча тажрыйбасы жок болгондуктан, дүйнөдө аброю бар юридикалык, финансылык жана техникалык көз карандысыз компанияларды жалдоо тууралуу чечим кабыл алынган. Алар биротоло чечим кабыл алыш үчүн “Камеконун” сунушуна иликтөө жүргүзүшөт, - деген болчу Эмирлан Төрөмырзаев жакында эле “Кабар” маалымат агентигинде өткөрүлгөн басма сөз жыйынында.

Көз карандысыз компаниялар, премьер-министрдин айтымында, тендер аркылуу тандалып алынмак. Бул компаниялар иликтөө өткөрүп, бүтүм чыгармак тургай, алардын өздөрү тандалып алына элек. Биздин маалыматтарга караганда, тендер ушул убакка чейин жарыялана элек. “Кыргызалтын” өз алдынча чет өлкөлүк компания жалдап, ал компания өз бүтүмүн чыгарып берди” деген сөз чыккан болчу. Бирок анын бүтүмү эмнегедир өкмөттү канааттандырган эмес. Анткени тендер өткөрүп, компания тандоо тууралуу сөз “Кыргызалтындын” экспертизасы бүткөндөн кийин чыккан. Ошондуктан “Кыргызстанга “Камеконун” сунушу ылайык келбейт” деген бүтүм - көз карандысыз адистердин бүтүмү эмес эле, өкмөттүн өзүнүн бүтүмү деп эсептөөгө толук негиз бар. Бирок буга чейин биздин “өзүбүздүн алыбыз жетпейт” деп келген өкмөттүн азыр алы кандайча жетип калды?

- Коомчулукка жетти да. Баары түшүнүп турат. “Камеконун” сунушун баалаш үчүн өтө адистиктин деле кереги жок. Экономиканы жана тоо-кен өнөр жайын жакшы билген адамга баары көрүнүп турат. Биз парламенттик угууда да, өкмөттүк угууда да түшүндүрүп бердик. Биздин чечимде ““Камеконун” сунушу кабыл алынбасын” деп ачык эле айтылган, - дейт депутат Орозбек Дүйшеев.

Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан Канаданын “Камеко” корпорациясы “Кумтөр голд компани” биргелешкен ишканасынын акцияларынын Кыргызстанга тиешелүү үчтөн эки бөлүгүн өзүнө өткөрүп берүү сунушу менен кыргыз өкмөтүнө былтыр сентябрь айында эле кайрылган болчу. Ал бул үчүн кепилдик түрүндө “жылына 8 млн. доллар төлөп берем” деп убада кылган. Бирок буга чейин бир нече жолу убадасына турбай келген “Камекого” “бу жолу да алдап жатат” деп, кыргызстандык адистер анча ишенген эмес. Анын үстүнө, алардын айтымында, “Камеконун” Кумтөрдүн алтынына берип жаткан баасы өтө эле төмөн.

Ошентип, Кумтөр алтын комбинаты “Камекого” сатылбай турган болду. Бирок бул “кен таптакыр эле сатылбайт” дегенди билдирбейт. Премьер-министр өкмөт жыйынында Кумтөрдүн активдерин такташ үчүн көз карандысыз экперттерди тандоо иши улантылаарын айтты. Анын жыйында айткандарынан “Кыргызстан эми баалуу кагаздар базарына “Камекосуз” эле, өз алдынча чыгат” деп жыйынтык чыгарса болот.

XS
SM
MD
LG