Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:50

Кытай Түндүк Корея боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өзүндө өткөрүүгө даяр


Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Конг Куандын билдиргенине караганда, Пекин АКШ сунуш кылгандай алты тараптуу сүйлөшүүлөр болушунча тез өтүшү үчүн аракетенүүдө. Сүйлөшүүлөр Пекинде өтөрү күтүлүп жатканын бүгүн Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлиги да билдирген эле. Ага алты өлкө: Түндүк жана Түштүк Корея, АКШ, Кытай, Жапония, Орусия катышаары белгиленүүдө. АКШ Түндүк Кореяны өзөктүк бомба жасоого аракеттенип жатканы үчүн айыптап жүрөт. Вашингтон менен Пхеньян өткө жума күнү Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасынын айланасында түзүлгөн кризисти жөндөө үчүн көп тараптуу сүйлөшүү өткөрүү макулдашылганын жарыялашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG