Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:00

Израил палестин аймактарынан аскерлерин чыгарууну токтотту


Израилдин коргоо министри Шаул Мофаздын билдиргенине караганда, аскерлерди чыгаруу кечээ Иерусалим шаарынан алыс эмес жерде жөөт жарандарынын автоунаасын аткылаган палестин жазаланмайынча токтотулат. Ш.Мофаздын айтымында, кол салган палестин жоопко тартылмайынча Израил жүздөгөн палестиндерди абактан чыгаруу жөнүндөгү чечимин да кайра карап көрүшү мүмкүн. Аткылоо учурунда үч жаш бала жана бир аял жаракат алган. Бул окуя үчүн палестиндердин "Ал-акса шейиттери" деп аталган уюму жоопкер болду. Бул топтун бир согушкери бүгүн Иордандын батыш жэгиндеги Тулкарм шаарынын жанынан жөөт аскерлеринин турумуна жардыруучу зат коюуга аракеттенгенде ок жеп, мерт болгон.Өз согушкеринин өлүмү үчүн "Ал –акса шейиттери" өч алаарын билдирүүдө. Ал эми палестин бийликтери кечээги кол салууну айыптоо менен бирге Израил мындай окуяларды аскерлерди калтыруунун жүйөөсү катары карабаш керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG