Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

КАЗАКСТАН МЕНЕН КЫТАЙДА ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН АСКЕРДИК МАШЫГУУЛАРЫ ӨТКӨРҮЛӨТ


Быйыл 6-августтан 12-августка чейин Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн террорчулукка каршы күрөшүү максатындагы аскердик машыгуулары Казакстан менен Кытайда өтмөкчү. Ага ушул уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн аскерлери катышат. Биргелешкен аскердик иш-чара алгач Казакстанда, андан соң Кытайда өтөт. Машыгууга уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери да чакырылган.

Ушу тапта Кыргызстан 17 өлкө менен аскердик жактан кызматташат. Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигиндеги өлкөлөр менен башынан келаткан салттуу алака-катыштар кийинки жылдары кыйла жанданды. Ага кошулуп Кыргызстан дүйнөнүн бир топ мамлекеттери менен аскердик алакасын жакшыртууга өттү. 1995-жылдан бери Кыргызстан Кытай, андан бир жыл мурда АКШ, мурдараак Германия, Түркия менен аскердик кызматташтыгын жандантып, алардан материалдык-техникалык көмөк алып келатат. 1998-жылы Түндүк Атлантикалык Альянска кирген мамлекеттер менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскерлеринин биргелешкен машыгуулары Кыргызстандын аймагында өттү. Негизи Кыргызстан 1997-жылдан бери «Борбор Азия батальону» деп аталган аскердик биргелешкен иш-чаралардын бир да бирөөнөн кала элек. Мындай командалык-штабдык машыгуулар буга чейин беш жолу уюштурулду. Коргоо министрлигинин атайын аскер бөлүктөрүнүн 60тан ашуун жетекчилери ушундай машыгуу, окуу-үйрөнүү иш-чараларына катышып келишти.

Чектеш беш өлкөнүн «Шанхай уюму» түзүлүп, кийинчерээк ага Өзбекстан кошулуп, «бештик» Шанхай Кызматташтык Уюмуна айлангандан бери биринчи ирет террорчулук менен жикчилдикке каршы туруу амалында биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүлгөнү жатат. Шанхай Кызматташтык Уюмунун аскердик машыгууларына Өзбекстан катышпастыгын билдирген. Калган 5 өлкөнүн аскерлеринин машыгуулары эки этапта өтмөкчү. 6-августтан 9-августка дейре Кытайдын, Орусиянын, Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын аскерлери Казастандын Семей облусунун Үчарал шаарынын жанында машыгуу өткөрүшөт. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Мирбек Койлубаевдин маалыматы боюнча, ага Кыргызстандан да жоокерлер катышмакчы.

- Москвада 29-майда ШКУга кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери «2003 - өз ара аракеттенүү» деген аталышта террорчулукка каршы күрөшүү амалында биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү тууралуу меморандумга кол коюшкан, - дейт Мирбек Койлубаев. - Машыгуулар эки этапта өткөрүлөт. Биринчиси Казакстандын Үчарал аймагында 6-9-августта өтөт. Экинчиси Кытайдын Шиңжан уйгур автономиялуу районунун Иньин шаарынын жанында өтмөкчү. Машыгууга ар бир өлкөдөн оперативдүү топ жана аскерлер тартылат. Бизден да 30 аскер катышат. Машыгуунун биринчи этабынын ыгым-чыгымын Казакстан көтөрөт, тамак-аш, автомашина менен камсыздоо жагын. Экинчи этабынын чыгымын кытайлыктар өзүнө алууда. Машыгууга катышкан аскерлердин жол киресин, командировка акысын жөнөткөн тарап төлөп берет. Мындан ары жыл сайын машыгууларды өткөрүп туруу пландаштырылууда.

Коргоо министрлигинен дүйшөмбүдө оперативдүү-мобилизация башкармалыгынын жетекчиси Замир Молдошев жетектеген аскердик топ машыгуу болуучу жерге жөнөп кеткенин ырасташты.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн аскердик машыгуулары террорчулук менен жикчилдикке – сепаратизмге каршы туруу амалында өткөрүлүп жатканы байма-бай айтылууда. Террорчулук Борбор Азия, Орусия үчүн өзгөчө мааниге ээ проблема экенин эсепке алганда, чектеш өлкөлөрдүн жаңы уюмунун анабашында турган Кытайдын көздөгөн максаты жикчилдикти тукум курут кылуу экени жалпыга дайын. Жикчилдикти расмий Бээжин Шиңжандагы уйгур проблемасына кошуп алган. Ошондон улам Шанхай Кызматташтык Уюмундагы беш өлкөнүн жаңыдан башталган аскердик демилгесинин артында алыска ташталган аркандын учу көрүнүп турат. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы генерал Исмаил Исаков айтмакчы, машыгуу тууралуу калыс кепти ал өткөндөн кийин айткан оң.

- Бул тууралуу ар кимдин өз ою бар да, - дейт генерал Исаков. - Машыгуулар өткөндөн кийин ал тууралуу пикиримди айтканым оң.

XS
SM
MD
LG