Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:36

ЛИБЕРИЯ: ӨЛКӨГӨ ТЫНЧТЫК ОРНОЙБУ ?


Либерияга ушул дүйшөмбүдөн тартып эл аралык бейпилдик аскерлеринин алгачкы бөлүктөрү келе баштады. Аскерлерди азырынча коңшу өлкөлөр жиберүүдө. Ал эми 1-октябрдан кечиктирилбей Либерияда БУУнун көп улуттуу аскерлери жайгаштырылышы керек. Бейпилдик күчтөрүнүн келиши менен бул жердеги кан төгүү токтойбу деген үмүт бар.

БУУнун Коопсуздук Кеңеш өткөн аптада атайын резолюция кабыл алып, Либериядагы атуулдук согушту токтотуу үчүн өлкөгө эл аралык күчтөрдү киргизүүгө уруксат берген эле. Ал документке ылайык, бейпилдик күчтөрү Либериянын ич ара согушуп жаткан өкмөт аскерлери менен козголоңчуларынын ортосунда ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуунун аткарылышын камсыздашы керек. Аталган макулдашуу июнь айынын орто ченинде кабыл алынганы менен орундалган эмес. Мындан сырткары эл аралык күчтөргө президент Чарльз Тейлор кызматынан чегинип, жаңы бийлик орногондон кийин да өлкөдөгү тартипти сактоо милдети жүктөлөт. Либерияга коңшу Нигерия жана Батыш Африка өлкөлөрүнүн калгандары жиберүүчү аскерлердин саны 3-5 миңдин айланасында болот. Азырынча алардын алгачкы бөлүктөрү келип ,аскерлердин негизги тобунун жайгашуусу үчүн даярдык көрүүдө.

Президент Чарльз Тейлордун өкмөттүк аскерлери менен согушуп жаткан либериялык козголоңчулар июнь айында өлкөнүн башкалаасы Монровияга кирип келишкен эле. Ага чейин эле согуштан улам жер которууга мажбур болгон 200 миңдей качкын Монровия шаары менен анын айланасына топтолгон болчу. Акыркы эки айдагы уруштардын учурунда эле бул жерде жүздөгөн бейкүнөө адамдар мерт болду. Ансыз деле арып-тозгон качкындарды ок атышуулардын айынан тамак-аш, дары–дармек жана башка керектүү нерселер менен камсыздоо кыйындады. Эми бейпилдик аскерлердин келиши менен ок атышуулар токтоп, эл аралык гуманитардык уюмдардын жергиликтүү калкка жардам көргөзүүсү жеңилдейт деген үмүт бар.

Монровиянын тургундары чет элдик аскерлердин алгачкы тобун сүйүнүч менен тосуп алышты.Эл аралык аскерлердин келиши менен козголоңчулар да башкалаадан чегиниши керек. Либериянын Демократия жана Ынтымак үчүн Биримдиги деп аталган уюмдун лидери Секу Дамат Конне кабарчыларга алар бейпилдик күчтөрүнүн келишин кубаттарын жана козголоңчуларды чыгаруу эл аралык аскерлер Монровияны көзөмөлдөй баштаганда гана ишке ашырыларын билдирди:

- Биз бейпилдик аскерлеринин келишин кубаттайбыз, алар менен иштешип, кызматташабыз. Алар бул жерге (Монровияга ) келмейинче биз кетүүнү каалабайбыз. Себеби Тейлордун согушкерлери жөн-жай адамдарга кол салып, менин уюмум менен кызматташкандардын тынчын алат. Ошон үчүн биз шашкан жокпуз.

Либериянын президенти Чарльз Тейлордун да кызматтан чегинип, өлкөдөн чыгып кетүүсү - бейпилдик аскерлеринин келүүсүндөгү шарттардын бири. Ч.Тейлор эл аралык кысымдын аркасында кызматынан 11-августта кетээрин жарыялаган, бирок өлкөдөн качан кетээрин айта элек. Ага Нигерия башпаанек берүүгө макул болгон. Либериянын президенти буга чейин эле БУУнун жана Сьера-Леоненин биргелешкен соту тарабынан аскерий кылмыштары үчүн айыпталган.

Ч.Тейлордун кызматтан жана өлкөдөн кетишин АКШ да талап кылууда. Учурда АКШнын бортунда 2300дөй аскери бар согуштук кемелери Либериянын жээктеринде жүрөт. Америкалык аскерий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, кемелер бейпилдик аскерлерине жардам көргөзө алат. Ал эми Либерияга АКШнын жөө аскерлерин жиберүү жөнүндө чечим азырынча кабыл алына элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG