Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

ХИРОСИМА: КАРГАШАЛУУ ОКУЯ ЭЧ КАЧАН УНУТТА КАЛБАС


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Бүгүн Жапонияда жана башка өлкөлөрдө Кошмо Штаттар жапондук Хиросима шаарына алгачкы атомдук бомбаны таштаган каргашалуу окуянын 58 жылдыгы белгиленди. Өзөктүк куралдарга ээ болуу аркылуу өзүнүн тышкы саясий стратегиялык ордун аныктагысы келген өлкөлөрдүн саны азыр да азайган жок. Түндүк Корея режими ошондой мамлекеттердин катарына кирет. Бүгүн (6.08.2003) Хиросиманын шаар акими Тадатоши Акиба өзөктүк куралдары бар жана андай куралга ээ болууга ынтызар өлкөлөргө кайрылып, Хиросиманын азаптуу тагдырынан сабак алууга, бул кыргын каражатын адамзатка каршы курал катары четке кагууга чакырды.

Ар бир элди муңканткан улуу окуялар, залкар бурулуштар, тар жол, тайгак кечүүлөр болот. Ошолордун арасында – ХХ кылымдагы дүйнөлүк согуштар айрыкча турат. Экинчи дүйнөлүк согуштун чоң окуяларынын бирин Жапонияда жыл сайын аза күтүү менен белгилешет.

1945-жылы 6-августта атомдук бомбанын бутасы болгон Хиросима шаары быйыл да дал ушул күнү саат сегизден он беш мүнөт өткөндө “Бейпилдиктин коңгуроосунун” эскерткен доошун угуп, тунжурап турду.

Батыш Германиянын мурдагы канцлери Вилли Брандттын “эч бир калк өз тарыхынан качып кутула албайт” деп айткан жери бар. Ал фашисттик режимдин тушунда кыргынга учураган жана азап чеккен жөөттөрдүн жана башка элдердин алдында Германиянын карыздар экенин ачык эле мойнуна алган. Ал эми нацисттердин ынтымакташы болгон Жапониянын азыркы калайыгы тарыхка кандайча кароодо?

“Нью-Йорк таймс” гезитинин жазышынча (N. D. Kristof, Blood on Our Hands? // New York Times. – 05.08.2003), жапон тарыхчылары Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасынын ташталышы менен байланыштуу окуяны улам жаңы көз караш менен иликтешүүдө. Алардын бири, Киото университетинин изилдөөчүсү Садао Асаданын жазышынча, дал ушул атомдук кол салуу Жапон өкмөтүндөгү тынчтыкты жактоочу күчтөрдүн өз турумун чыңдашына, согушту тез арада токтотуу үчүн өкмөттүн башка мүчөлөрүн ынандырууга башкы өбөлгө болгон. Болбосо, дешет жапон тарыхчылары, жапон колбашчылары тарыхта “камикадзе” деген ат менен кеңири белгилүү болуп калган жанкечтилерди пайдаланып, согушту “кашык кан калгыча” улантуу талабы менен расмий Токиону андан ары демите бермек.

Жапон иликтөөчүлөрүнүн жаңы табылгалары айгинелегендей, Нагасакиге урулган сокку да, Токиого кол салуу коркунучу да, Совет аскерлеринин Ыраакы Чыгышта согуш аракеттерин башташы да көптөгөн жапон генералдарын анча муюткан эмес. Бирок жапон өкмөтүндөгү тынчтыкты каалаган күчтөр, алардын ичинде жапон императорунун өзү, багынып берүү сунушун көтөрүп, акыры башкаларды жеңилүү ызасы аркылуу бейпилдик жолуна түшүүгө ийитишкен.

Ошондой болсо да, “Хиросима менен Нагасакиге бомба таштоо зарыл беле?” деген маселени улам кабыргасынан койгон, ал кездеги расмий Вашингтонду азыркыга чейин катаал сынга алган Гэр Алперовиц (Gar Alperovitz) сыяктуу тарыхчылар Кошмо Штаттардын өзүндө да аз эмес.

Бүт дүйнөгө ачуу сабак болгон ошол окуялардан бери 58 жылдын жүзү болсо да, өзөктүк куралдардын көлөкөсү Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүн алигиче тынчсыздантып келет. Маселен, түштүк корей президенти Но Мун Хүн (Roh Moon-hyun) быйыл 9-июнда, Токиодо сапарда жүргөн чагында, өзөктүк кыргын куралын колдонуу коркунучу аймак үчүн дагы эле бар экендигин тынчсыздануу менен белгилеп, Түндүк Корея режимин өзөктүк курал долбоорунан баш тартууга чакырган:

- Түштүк Корея менен Жапония өткөн кылымда согуш трагедиясын чогуу баштан кечиришкен. Ошол алааматтын жарааты алигиче айыга элек. Корей жарым аралында жана жалпы эле Түндүк-Чыгыш Азияда жаңжалдуу кырдаалдын жана чыңалуунун андан ары күчөшү бардыгыбызга тең оор кесепет тийгизээр эле. Дал ушул жагдай – Түндүк Кореянын өзөктүк долбоору маселесин чукул арада тынчтык жол менен чечишибиз үчүн өтө олуттуу себеп болуп саналат.

Августтун башында дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык мектептер тыныгууда болот эмеспи. Ошого карабастан, Хиросима жана Нагасаки сабагы планетанын чар тарабында коомдук башталышта өткөрүлөөрүндө шек жок.

Батышта өнөрпоздор бул маселеге кайдыгер калган эмес. Батышта кеңири таанымал обондуу ырлардын бир нечеси “Хиросима” деп аталат. Алардын бирин 1970-жылы Дэйв Морган (Dave Morgan) жазган. Британдык “Вишфул тинкиңг” (Wishful Thinking) тобу аткарган бул ыр бир катар европалык өлкөлөрдө хит-параддын төрүн ээлеген. Хиросима менен Нагасакиге бомба таштаган учактардын көлөкөсү алигиче жер жүзүн кыдырып жүргөндөй туюлат. Бул бомбалар экинчи дүйнөлүк согуштун чыгыш очогун гана эмес, миңдеген жазыксыз кишилердин жүрөгүн да ырайымсыздык менен токтоткон.
XS
SM
MD
LG