Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

БУУнун полицейи өлтүрүлдү


Бириккен Улуттар Уюмунун Косоводогу убактылуу администрациясы БУУнун полицейин өлтүргөн адам жөнүндө кабар берген кишиге 50 миң евро сыйлык берилерин жарыялады. БУУнун тынчтык кармоо күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп жүргөн Индия аскери машинада бараткан кезде жекшемби күнү атылып өлтүрүлгөн. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун Косоводогу тынчтык кармоо күчтөрүнүн ичинен алгачкы өлүм. Косоводо БУУнун 4миңдей тынчтык сактоо күчтөрү 1999-жылдан бери кызмат кылууда.

XS
SM
MD
LG