Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

ИЗРАИЛДИН АРАКЕТТЕРИ АРАФАТКА ЖАККАН ЖОК


Шейшембиде Израиль жакын арада түрмөлөрдөн бошотула турган дагы 350 палестиндин тизмесин жарыялады. Тель-Авив бул кадамын тынчтык жараянын бекемдөө максаты менен түшүндүрсө, палестиндер Израиль элди алдап, саясий көз боёмочулукка барып жатат деген пикирде. Ортодогу нааразылыктардан улам шаршембиге белгиленген жөөт-палестин өкмөт башчыларынын жолугушуусу кийинкиге жылдырылды.

Жөөт-палестин чатагын жөнгө салуу боюнча "Жол картасы" аттуу тынчтык планында палестин туткундарын эркиндикке чыгаруу каралган эмес. Бирок Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббас Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиндерди бошотуу маселесине басым жасагандыктан, Тель-Авив Аббаска колдоо көрсөтүш үчүн ушундай чечим кабыл алганын айтат. Бул жаңылык шейшембиде маалымат каражаттарында жарыяланаар замат, палестин тарап өтө аз сандагы туткундар бошотулганына катуу камтама болуп, Израилдин демилгесин шылдың катары кабыл алса, катардагы жөөттөр да терең нааразычылык билдирип, бир да палестин туткунун бошотууга негиз жок деп өкмөттү жаалашты. Палестинанын лидери Ясир Арафат Израиль өкмөтүнүн чечимин кезектеги саясий оюн катары мүнөздөдү.

- Израиль 400дөй туткунду бошотуп туруп, ошол замат кайра 800 кишини камакка алат. Эки күн ичинде Хеврондо 239 палестинди кармап кетишти. Андыктан Израилдин бул чечими карандай калп болуп жүрбөсүн? Алар эл аралык тынчтык планын элди алдап аткарабы? Ал планга ылайык, Израиль аскерлери палестин аймактарын дароо бошотушу керек эле. Канакей ал аткарылганы?" - деп ачууланды Арафат.


Рамаллада өткөн маалымат жыйынында Палестинанын эмгек министри Гассан ал-Хатиб Тель-Авивден келген жаңылыктын айрым жагдайларына токтолду:

- Израиль жөнөткөн тизме бизди канааттандыра албайт, анткени анда бир да таасирдүү ысым таба албайсыз. Бул тизмеге кирген кишилер убагында эч негизсиз кармалгандыктан, ансыз деле эртедир-кеч абактан бошотулмак. Тизмеде коопсуздук маселелерине, же саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу камалган адамдардын бири да жок, андан көрө арасына ар кандай коркунучтуу кылмыш жасагандар кирип калган.


Ушундай ортодогу нааразылыктардан жана жекшембиде бир жөөт аялды үч баласы менен жарадар кылган кол салуудан улам, Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон менен палестин премьери Махмуд Аббастын шаршембиге белгиленген жолугушуусу өтпөй турган болду. Тель-Авивден анын жаңы мөөнөттөрү жөнүндө ар түрдүү маалыматтар келип жатат.


Израилдин коргоо министри Шаул Мофаз палестин согушкерлери өз чабуулдарын биротоло тыймайынча, жөөт аскерлери Иордандын батыш жээгинен чыгарылбайт деп маалымдады. Палестиндердин радикал кыймылдары Израилдин түрмөлөрүндө камалган 6000дей палестиндин баары, же басымдуу бөлүгү бошотулбаса, бир айга чукулдап калган салыштырмалуу бейпилдикти бузаарын айтып коркутууда. Жөөт премьери Ариэль Шарон буга чейин көп ирет карапайым калкка каршы кол салууларга катышы бар деп шектелген палестин согушкерлери жазасын аягына дейре өтөйт деп эскерткен эле. Арафат айткандай, соңку эки-үч жума ичинде 250дөй туткунду эркиндикке чыгарган Израиль ошол эле учурда түрмөлөрдү жаңы палестиндер менен толтурууда.

Шейшембиде Чыгыш Иерусалимде эки араб май-июнь айларында 24 кишинин өмүрүн алган теракттарга тиешеси бар деген шек боюнча камакка алынды. Ушул эле күнү Тулкарим шаарынын четинде жөөт аскерлери бараткан жолго бомба коюуну көздөгөн деп шектелген палестин жигит окко учуп өлдү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG