Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

“ЧЕЛСИГЕ” КҮЙӨРМАН ОРУС БАЙЫ КУУГУНТУККА АЛЫНАБЫ?


Муса Мураталиев, Москва шаары “Франц пресс” агенттиги таркаткан маалыматка караганда, орусиялык Башкы прокуратура өлкөдөгү олигархтардын бири Роман Абрамовичтин байлыкты кайдан жыйгандыгын иликтөөнү жакында колго алат. Буга дейре ЮКОС компаниясынын ээси Михаил Ходорковскийдин үстүнөн сурак жүрүп, компаниянын эки жетекчиси сотко чейинки убактылуу абакта кармалууда.

Орусиянын жазалоо системасы менен кара май өндүрүүчү менчик ЮКОС корпорациясынын кармашы ишкердик чөйрөнү жаңы кризиске дуушар кылды.

ЮКОС магнаты менен бийликтин кармашы үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Президент Владимир Путин бай ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп аткан. Ошондо Ходорковский өлкөдө коррупция канатын жайып өөрчүп барат деп бийликке эскертүү жасаган. Анда В.Путин: “Кара майга мол жердин кең тармагын Ходорковскийдин фирмалары ээлейт. Анын кандай жол менен ал фирмаларга өтүп калганын текшерүү керек”, - деп жооп айткан.

Азыр ЮКОС тармагындагы ишканалардан эки жетекчи суракка алынып, убактылуу абакта жатышат. М.Ходорковскийдин өзү да башпрокурордун имаратында болуп, суракка жооп берип чыкты. Бийлик аны кайра да чакырып, суракка ала алат.

Эмки кезек “Сибнефть” компаниясынын кожоюну Роман Абрамовичке келгендей. Бул туурасында басма сөздөрдө ар кыл айың кеп бар. Маселен, “Франс пресс” агенттиги таркаткан маалыматта орусиялык Генпрокуратура жыйган материалдардын арасында Абрамовичтин үстүнөн кылмыш ишин козгоого багытталгандары да бардыгы айтылат.

Албетте, Совет мамлекети урагандан бери Орусияда нечендеген “жаңы байлар” пайда болушту. Адал байлык табуу кыйын болоорун эске алганда, алардын ишкердигинин башатында мандеми бар деп шек саноо да турулуу көрүнүш. Ошон үчүн азыркы орусиялык бийликтин олигархтардын ким-кимисине болсо да кине коюуга мүмкүнчүлүгү бар.

Маселен, бийлик биз кеп кылып аткан Абрамовичтин “Сибнефть” компаниясынын акцияларын ээлөөдө кетирилген кыйла катачылыкты бетке кармоодо.

Абрамович 1992-1995 жылдары Саратов калаасында 5 менчик фирма ачып, алардын негизинде алгачкы байлыгын жыйган.

Маселен, айрым жоромолдорго караганда, 1992 жылдын башында Ухта калаасынан жалган документ менен кара май тырттырып келип аны Калининград областына саттырган. Ал билинип калган. Москвалык прокуратура Абрамовичтин үстүнөн (№79067) кылмыш ишин козгогон. Бирок иш текшерүүгө берилген боюнча токтоп калган.

Орусиялык жазалоо системасы бүгүн чириген бай Роман Абрамовичке каршы ачылган ошол эски доону кайра текшертип, кылмыш ишин ачат деген жоромол бар.

Коомчулукту нааразы кылган дагы бир жагдай Абрамовичтин жакында Лондондук “Челси” футбол клубун сатып алышынан кийин пайда болду. Айрыкча улутчул-патриот тараптын ичи жаман күйүүдө. Ал тургай орточул партиянын жетекчилеринин бири Юрий Лужковдун айткан пикири төмөнкүдөй чыкты:

- “Челси” демекчи, ал - Орусия тарапка карата багытталган түкүрүк болду дээр элем. “Челсини” сатып алуу менен алар Орусияга жаба түкүрүштү.

Би-Би-Сиге берген жообунда Роман Абрамович (05.08.2003) сатып алган клубу үчүн канча каражат керек болсо, ошончо акча бөлө тургандыгын билдирген. Анын далили катары жакында ар кайсы клубдардан «Челси» сатып алган 4 футболчу үчүн 37 миллион фунт төлөгөнү ал жерде көргөзүлгөн.

Орусиялык миллиардер эмне себептен улам «Челсини» сатып алгандыгы жана ага карата орусиялыктардын катуу кыжырдануусу туурасында мындай деди:

- Кайсы бирөөлөр өздөрүн «Орусиянын патриотумун» дешет. Мени өлкөнүн спортун өнүктүрүүгө тийиш болуучу дешет. Бирок Орусияда экономикалык жагдай Англиядай эркин эмес, ошол жагдай мага мындай кадамга жол бербеди.

Кайра да “Франц пресс” агенттиги таркаткан маалыматка келсек, анда расмий чөйрө Сергей Степашиндин ою катары «Сибнефти» компаниясы былтыр 330 миллион доллар салык төлөбөй калыптыр, ошол эле учурда Абрамович мурунку айда Лондондук «Челси» футболчулар командасын сатып алып, ал үчүн 230 миллион доллар төлөгөн деген пикир таркаткан.

Жыйынтыктай келгенде, Орусияда чириген байлар нагыз пайда болгонун жана алардын өз алдынча болууга умтулгандары менен күрөшө алган жаагы катуу бийлик бар экенин көрөбүз. Эки тарап тең мыйзамдын арибин бузбайбыз дешет, ошол эле учурда арасында «сен мага – мен сага» нугундагы сатуулашуу жүрүп турганын да түкшүмөлдөөгө болот. Чириген байлар бийликтин тилин албай кеткенде, “төк” дегенин төкпөй койгондо, абал курчуп, азыркыдай ишкер чөйрөдөгү кризиске айланганы байкалат.
XS
SM
MD
LG