Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

БЫЙЫЛ ДА ЭГИН ЖЕТИШТҮҮ БОЛОТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Өткөн жылы эгин көп өндүрүлүп, анын баасы түшүп кеткендиктен быйыл дыйкандар эгинди аз себишкен. Бирок Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги “өлкө өзүнө керектүү дан менен камсыз болот” деп ишендирди.

: Быйыл себилген эгиндин аянты 620 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 43 миң гектарга аз. Анын ичинде буудайдын аянты 62 миң гектарга азайтылган. Бирок буга карабай айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Александр Костюк “быйыл Кыргызстандын эли нандан өксү болбойт” деп ишендирди:

- Кылкандуу дан эгиндеринин аянты кийинки жылдары бир топ көбөйүп кеткен. Былтыр дан арбын өндүрүлгөнүнө жана сырттан келген дан көп болгонуна байланыштуу баа төмөндөп кеткен. Ошол себептен улам дыйкандар пайдалуу техникалык өсүмдүктөрдү көбүрөөк сээп жатышат. Бирок өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 130-150 миң тоннага аз болгону менен, 1 млн. 200 миң тоннадан кемибеген сапаттуу буудай өндүрүлөт. Андан тышкары, мамлекеттик резерде 80 миң тонна эгин бар. Ошон үчүн буудай боюнча да, ун боюнча да базар стабилдүү болот.

Министр эгиндин дүң жыйымынын көп болушун түшүмдүүлүктүн жогору болуп жатканы менен негиздейт. Азыр өлкөдө эгин жыйноо кызуу жүрүп жатат. Министрликтен алынган маалыматтарга караганда, 31-июлга карата жалпы эгиндин төрттөн бири жыйналып алынды.

- Алгачкы алынган маалыматтарды карап чыктык. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү 2-2,3 центнерге жогору болуп жатат, - дейт Александр Костюк. “Азык дан жетиштүү” деп эсептеген өкмөт “мамлекеттик резервдеги эгиндин бир бөлүгүн сатып жиберсемби” деп олку-солку болуп турган кези. 31-июлдагы өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев Украина менен Молдова “эгин сатып алам” деп кайрылганын айтты. Ал тиешелүү министрликтерге мамлекеттик резервден 40 миң тонна эгинди Украинага сатуу тууралуу ойлонуп көрүүнү тапшырды.

Өлкөдө эгин жетиштүү болгону менен, Кыргызстан баары бир Казакстандын эгининен баш тарта албайт. Анткени биздин эгиндин сапаты төмөн. Ал кесме жасаганга жарабастыгын айтышат.

- Илгери, Советтер Союзунун учурунда азыктык эгин сырттан келчү. Андан ун даярдаганда анын сапатын жакшыртыш үчүн биздин буудайды кошушчу. Азыр биздин ундун сапаты төмөндөп кетти. Буудайдын сапатын жакшы кылыш үчүн айдоо алдында жер семирткич бериш керек. Андан кийин кошумча азыктандырыш керек. Андан тышкары, дан өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөш жүргүзүш керек. Агротехникалык талаптарды сактаса биздин буудай бардыгына жарайт. Бирок биздин буудай макаронго жарабайт. Ага күчтүү сортторго кирген, клейковинасы көп Казакстандын буудайы керек, - дейт Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин жооптуу кызматкери Жапарбек Смаилов.

Өткөн жылы чет өлкөдөн келген эгинди тыюу максатында жогорулатылган тариф киргизилгенде деле Бишкектин базарларында Казакстандын уну үзүлгөн жок. Тыюуга карабастан, аны ар кайсы жерден алып өтүп жатышты. Ошондуктан абалдан чыгуунун жолу бирөө эле - Кыргызстан Казакстан эккен сапатуу сортторду эге башташы керек. Жапарбек Смаиловдун айтымында, макарон жасаганга жарай турган бир жаңы сорт жакында өндүрүшкө киргизилди. Эми анын аянтын кеңейтүү зарыл.
XS
SM
MD
LG