Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

КЫТАЙ-КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ТЕМИР ЖОЛУНУН КУРУЛУШУНА БОЛЖОЛ МЕНЕН 600 МЛН. ДОЛЛАР КАРАЖАТ КЕРЕК


Кыргызстанда темир жол түндүктө Балыкчыдан келип үзүлөт, түштүктө болсо Ош, Карасуу, Жалалабад шаарларын гана кесип өтөт. Бирок Кыргызстанды Кытай, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен байланыштырган жана республиканын түндүгү менен түштүгүн катташтырган темир жол жок. Кыргызстандын жетекчилиги Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын өкмөттөрү биригип курууга ниеттенген темир жолго чоң үмүт артууда. Ал план турмушка ашабы, ал темир жолду курууга канча каражат зарыл жана кете турган чыгымдарды ким көтөрөт?

Ошко, Карасууга жана Жалалабадга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан аркылуу келген темир жолду эсепке албаганда, Кыргызстан буктурмада калган өлкө болуп эсептелет. Башкача айтканда, Кыргызстан аркылуу дүйнөлүк маанидеги темир жол өтпөйт. Экономиканын өнүгүп-өсүшүнө бул терс таасирин тийгизүүдө. Экинчиден, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген темир жолдун жоктугу да өнүп-өсүүгө тоскоол болуп келатат. Мына ушул кенемтени толтуруу максатында президент Аскар Акаев мындан 10 жыл мурда Балыкчыдан Каракече аркылуу Жалалабадга темир жол куруу боюнча демилге көтөргөн болчу. Ал тургай 1998-жылы 5-июнда Балыкчынын жанындагы Акөлөң айылынын тушунда Балыкчы-Кочкор-Каракече темир жол курулушунун президент Аскар Акаев катышкан ырасмий ачылышынын аземи өткөн. Бирок, өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча ал идея ишке ашпай келатат. Темир жолду ашар жолу менен куруу аракеттеринен да майнап чыккан жок.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажикеевдин айтымында, 15-20 градус менен өрлөп-эңкейиштеп отуруп, тоо аралай кете турган жолду куруш үчүн эки туннель салыш керек. Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын ортосунда темир жолду куруу боюнча саясий чечим кабыл алынган. Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, 256 чакырымга созула турган темир жолду курууга кеминде 600-700 млн. доллар каражат керек. Анча акчаны болсо Кыргызстан өз күчү менен таба албайт.

- Бул маселе жолдун татаалдыгына байланыштуу, - дейт Айзат Ажикеев. - Ошону эсепке алганда жана жолдун толук бүтүшүн кошкондо, менин эсебимде, ашып эле кетсе 700 млн. доллар керек. Ал эми инвестицияга келсек, ар ким өз мүмкүнчүлүгүн карайт. Албетте, Кытайдын экономикасы чоң, ошондуктан, Кытай чоң салым кошот го деген ойдомун. Жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси түзүлүп бүткөндөн кийин канча каражат кетээри так аныкталат. Кытайдын адистери менен изилдеп көрдүк. Экономикалык жагынан алганда да, коопсуздугу боюнча да жолдун Торугарттан башталып, Арпа өрөөнүн кесип өтүп, Жалалабадга түшкөнү абдан ыңгайлуу деп чечилген. Кыргызстандын түштүк аймагын өнүктүрүүгө бул жакшы таасирин берет. Анткени Орусия жана Европа мамлекеттери Казакстандын аймагындагы «Достук» өткөөлүн эле карап отурбай, бул жол аркылуу Кытайга жана Түштүк-Чыгыш Азияга чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк алмак. Жолду куруу боюнча саясий чечим кабыл алынган. Кытай тарап техникалык-экономикалык негиздемени даярдоодон мурдагы алдын-ала иштер деп коет, ошого 15 млн. юань (4 млн. АКШ долларын) бөлгөн.

Айзат Ажикеевдин айтымында, 188 чакырымды түзгөн жана курулушу болжолдонуп жаткан Балыкчы-Кочкор-Каракече темир жолун андан ары Арпага чейин алып барып, анан Жалалабад бекетине жеткирүү да пландалып жатат. Ал эми Каракечеден Арпага чейин салына турган темир жолдун узундугу - 156 чакырым.

- Каракече көмүр кенин өнүктүрүү - Кыргызстан үчүн башкы маселе. Бирок, башкы максат – түндүк аймактан башталган жолду түштүккө жеткирип, Жалалабад темир жолуна кошуу, - дейт Айзат Ажикеев. Анын айтымында, Кытай өкмөтү бул темир жолду куруу ишин 5 жылдык планына киргизген.

Кытайдын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Хун Цзюин мырзанын айтымында, жолду куруудан мурда анын багытын – «Торугарт аркылуубу же Эркечтам аркылуу куруу керекпи?» деген эки варианттын бирин тандап алуу иши турат.

- Темир жолдун Торугарт аркылуу өткөнү Кыргызстан үчүн маанилүү. Кытай бул вариантка макул болгон. Өткөн жылы Кытай өкмөтү темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси үчүн 4 млн. доллар өлчөмүндө грант берген. Адистер жакында өз сунуштарын айтат. Мен бул темир жолдун курулаарына ишенем, - дейт Кытайдын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Хун Цзюин мырза.

Кыргыз темир жол башкармалыгынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун айтымында, Кыргызстанды, Кытайды жана Өзбекстанды байланыштыра турган темир жол курулса, ал өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө чоң пайда алып келмек.

- Бул жол салынса жакшы болмок, - дейт Иса Өмүркулов. – Анткени, Кыргызстан аркылуу бир да транзиттик темир жол өтпөйт. Ушул өңүттөн алганда, Кытай Эл Республикасына жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерине каттоого, деңизге чыгууга жол ачылмак. Кытайдын товарларын кайра Европага ташыганга да чоң түрткү болмок. Торугарттан Каракечеге темир жол тартсак, ошондо өлкөнүн ичинде темир жол менен толук катташууга да мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Каракечеден башталган жол Жумгалдын этеги менен Акталаага өтөт. Акталаадан Торугартка барат да, андан Өзгөнгө түшөт. Өзгөндөн Карасууга жана Жалалабадга, андан Анжиянга чыгат.
XS
SM
MD
LG