Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНЕ БЫЙЫЛ ИШ КӨП БОЛЧУДАЙ


Аманбек Дилденбай, Бишкек Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен кар көчкү, суу ташкыны, жер көчкү сыңары табигый кырсыктар күч алып, бир топ материалдык чыгым алып келди. Табигый кырсыктар жана алардын алдын алуу боюнча кандай иш-чаралар жасалып жатканын билиш үчүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине, айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө кайрылдык.

Быйыл өлкөнүн жалпы аймагында суу ташкыны, жер көчкүлөрү сыяктуу 138 табигый кырсык катталды. Өзгөчө Өзгөн районуна караштуу Каратарык айылындагы жер көчкү көптөгөн адамдардын өмүрүн кыйып, орду толгус жоготууларды алып келди. Жалпы өлкө боюнча айттырбай келген алааматтан 43 адам мерт болду. Жалалабад, Ош облустарында эле 500гө жакын ар кандай көлөмдөгү жер көчкүлөр катталып, республика боюнча 864 үй-бүлө турак-жайсыз калган. Быйылкы табигый кырсыктардан келген чыгымды калыбына келтирүү иштерине 73 млн. сомдон ашык каражат сарпталды. Айттырбай келген табият кырсыктарынын айынан короо-жайсыз калган үй-бүлөлөрдү жайгаштыруу, аларга көрүлгөн камкордук кандай жүрүп жатат? Ал тууралуу экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Айдаралиев Болотбек буларды айтып берди:

- Үйсүз калган жарандарды кыш мезгилине чейин турак-жай менен камсыз кылабыз деген аракеттебиз. Кырсык болгон аймактардан жаңы конуштарга көчүрүлгөн жарандар үчүн Куршабда ж.б. жерлерде курулуш иштери жүрүп жатат. Ал эми кредит, жер алып үй салып жаткан 50%га жакын жарандар, короо-жайын куруп бүтүп калышты. Андан тышкары, короо-жайсыз айрым адамдар «даяр үй сатып бергиле» деген сунуш менен кайрылышкан. Алардын тизмеси такталууда. Даяр там-таш менен кары-картаңдарды, майыптарды, ардагерлерди камсыз кылып, базардан сатып беребиз.

Ал эми Чүй облусунун Токмок шаарында, Сокулук, Ысыката райондорунда, Ысыккөлдөгү Ананьево айылында, Талас жана Ош шаарынын жанындагы айрым жерлерде жер алдынан чыккан суулардын деңгээли көтөрүлүп, көйгөйлүү жагдайларды түзүүдө. Жакында көнөктөп жааган жаандын кесепетинен Аларча капчыгайындагы суу ташкыны сай жээгиндеги ондогон турак-жайларды, 1,5 чакырымдан ашык автожолду, 4 көпүрөнү агызып, 60 млн. сомдон ашуун материалдык зыян кылган. Алай, Каракулжа, Өзгөн, Нарын, Көл, Чүй аймактарында тоо арасында капыстан табигый кырсыктарды пайда кылуучу 200гө жакын жасалма көлдөр пайда болду. «Учурда бул аймактар көзөмөлдө турат», - деп билдирди министрдин биринчи орун басары Болотбек Айдаралиев. Ал эми жалпы Орто Азия чөлкөмүнө коркунуч туудурган Майлысуудагы уран калдыктарын сактоочу жайлардын акыбалы тууралуу ал мындай дейт:

- Майлысуудагы жагдай абдан орчундуу. Эгерде тоо урандылары жылып, жасалма көлдөрдү пайда кыла турган болсо жеке эле Кыргызстандын түштүк аймагы эмес, Анжиян, Фергана өрөөндөрүнө, жалпы Орто Азияга олуттуу коркунуч туудурат. Табигый кырсыкты болтурбоонун аракетинде алдын-ала бир топ иштиктүү чараларды көрүп жатабыз. Жакында биргелешип иштөө тууралуу Өзбекстан менен келишим түздүк. Алар өзүлөрүнө тиешелүү жерлерди азыр изилдеп жатышат. Ал эми Дүйнөлүк Банктан 5 млн. доллар грант катары берилиши күтүлүүдө. Аны 2004-жылдан баштап ишке пайдаланабыз.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине республикалык бюджеттен 800 млн. сом каражат каралган. Анын 300 миллиону нак акчалай, калганына техникалык жабдыктар, курулуш материалдары, айыл чарба чийкизаты берилет. Анын 130 миллиону курулуш жана оңдоп-түзөө иштерине жумшалат. Учурда министрликтин карамагында 170 унаа бар. Алардын 50дөн ашууну жарактан чыгып, капиталдык оңдоого муктаж. Жакында өкмөттүн жарым жылдык отчетунун жыйынында, Кыргыз улуттук телерадио корпорациясында өткөн «түз байланышта» өкмөт башчысы Николай Танаев «Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине азыркыга салыштырмалуу бюджеттен 10 эсе көп каражат бөлгөндө гана жетиштүү болот» деп айтканы министрликтин каражаттан чамасы чак экенинен кабар берет. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иш-аракеттери тууралуу Кыргызстандын экологиясына байкоо салып турган «Өмүр дарагы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Калия Молдогазиева буларга токтолду:

- Биздин уюм Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып барат. Алардын аткарган иштерине байкоо салып турабыз. Министрлик каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша өз милдеттерин аткарып жатат. Бирок алардын техникалык жабдуусу начар. Табигый кырсыктардын болушу тууралуу алдын-ала маалыматтарды ала алышпайт. Себеби, учурда болуп жаткан табигый кырсыктар буга далил. Табигый кырсыктарды алдын-ала билгизген байланыш же коргонуу каражаты азырынча жок.

Август айында абанын температурасы Кыргызстанда 40 градуска чейин көтөрүлүп, мөңгүлөр ээрип, агын суулардын деңгээли жогорулашы күтүлүүдө. Алдыда табият дагы кандай табышмактуу сырын көрсөтөөрү али белгисиз.
XS
SM
MD
LG