Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

«КИРГИЗ» ДЕП ЖАЗГАНЫ ҮЧҮН «ДЕЛО №» ГЕЗИТИНИН ИШИ ЖОГОРКУ СОТТО КАРАЛАТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандагы абройлуу гезиттердин бири “Дело №” Кыргызстанды “Киргизстан” деп, ал эми “кыргыз” деген сѳздү «киргиз» деп жазып келет. Гезиттин редакциясынын билдиргенине караганда, анын журналисттери «“к” тамгасынан кийин “ы” тамгасы келбейт» деген орус тилиндеги эрежеге таянып, ушундай жазышууда. Кыргызстандагы Жеке ишкерлер коомдук комитетинин тѳрагасы Кубанычбек Тезекбаев «гезиттин «киргиз» деп бүтүндѳй бир улуттун атын туура эмес жазганы адамдык арнамысыма шек келтирет» деп, «Дело №» гезитин сотко берген. Бул сот иши ушул жылдын башынан бери уланып, эми Жогорку Сотто каралганы турат.

: Кубанычбек Тезекбаев “Дело №” гезитинен 500 миң сом моралдык чыгым талап кылды. Анын айтымында, эгер сот бул каражатты ѳндүрүп берсе, бир тыйынын да коротпой эне тилди ѳнүктүрүүгѳ жумшоого даяр. “Башмыйзамдагыдай “Кыргызстан” дебестен, “Дело №” гезити аны бурмалап жазганы кыргыз катары менин адамдык абийириме шек келтирет” деп ырастайт Тезекбаев мырза. Алгач Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын арызын жарым-жартылай канааттандырган. Сураган каражаты сотто ѳндүрүлгѳн жок. Бирок, “мындан ары “Дело №” гезити “киргиз” дебей, Башмыйзамда жазылып тургандай “Кыргызстан, кыргыз” деп жазсын” деген чечим чыккан. “Дело №” гезитинин башкы редактору Виктор Запольский кайра шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Шаардык сотто “Дело №” гезитин колдогон чечим чыккан. Кубанычбек Тезекбаевдин кайрылуусу боюнча 11-августта бул ишти Жогорку Сот караганы турат. “Дело №” гезитинин баш редактору Виктор Запольский “орус тилинин эрежесин эч качан бурмалабаш” керек деген ойдо.

- Мен орус тилинин орфографиясынын эрежелерине ылайык жазып атам. Орфографиялык сѳздүктѳргѳ таянуудабыз. Аларды эч ким ѳзгѳртѳ элек. Эгер ал сѳздүктѳр ѳзгѳртүлсѳ, анда ошол нормаларга ылайык жаза баштайбыз. Гезит орусча чыгат. Анан эмне үчүн орус тилинин нормаларын бузушубуз керек? - дейт Виктор Запольский.

Кубанычбек Тезекбаев бала кезинен “киргиз” деген сѳзгѳ ѳтѳ сын кѳз менен карачу. Бала чагынан “мен “киргиз” эмес, кыргызмын” деп, бир короодо жашаган балдар менен мушташкан да күндѳрү болгон. “Бул жерде бир чети Башмыйзам бузулуп атса, экинчиден “киргиз” деген сѳздѳ кыргыз элин шылдыңдоо жана кемсинтүү да бар” деп эсептейт.

- “Киргизская ССР” деген эчак жок болгон. Биздин аталар Совет мезгилинде бул тууралуу унчуга албай жүрүп ѳтүп кетишти. “Дело №” гезити “кыш” деген сѳздү кыйын эле жазат дагы, “кыргыз” дегенди жаза албай калат. “Язык” дегенде деле “ы” менен “к” катар келип атпайбы?! “Эгер улутту жок кылгың келсе, анын тилин булга” дейт. Биздин тилди минтип ылаңдатышпасын. “Киргиз” деп атып, биздин балдар тилин да, дилин да билбей баратышат. Менин элимдин атын бурмалаганы менин намысыма тиет, ошондуктан сотко бердим, - дейт Кубанычбек Тезекбаев.

Шаардык сотто К. Тезекбаевдин ишенимдүү адамы болуп катышкан журналист Жаныбек Жанызак бул окуялар боло электе эле «Дело №» гезитине “кыргыз” деп жазууну суранып, бир нече ирет кат жѳнѳткѳн. Жанызак мырзанын оюнда, Кыргызстанда жашап аткандан кийин бул ѳлкѳнүн атын да туура жазганга үйрѳнүш керек

- Кыргызстанда жашап аткандан кийин ар бир атуул Кыргызстандын мыйзамдарын, эрежелерин сыйлашы керек. Конституциянын орусча текстинде да “киргиз” деген жери жок. “К”дан кийин “ы” келбейт деп атышпайбы?!. Мен Далдын сѳздүгүнѳн “к”дан кийин “ы” турган 2 миңге чукул сѳздү кѳчүрүп, гезиттин редакциясына жѳнѳткѳм.

Айрым байкоочулардын баамында, “киргиз” деп жазуу Башмыйзамга каршы келбейт. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ѳмүрбек Текебаев “кыргызды “киргиз” деп жазуу Башмыйзамды бузбайт” деген ойдо. Бирок, ал “ырасмий мамлекеттик деңгээлдеги кагаздарда “Кыргызстан” болушу керек” деп ырастады. Текебаев мырзанын айтымында, “Дело №” гезитинин “киргиз” деп жазганы Россияны “Орусия” деп жазгандай эле кеп.

Ал эми Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиянын тѳрагасы Казат Акматов бул сот ишине саламаттыгына байланыштуу катыша албаптыр. Антсе да ал “«Дело №» гезити “Кыргызстан” деп жазганы оң” деп, сотко ѳтүнүч кат жѳнѳткѳн. Мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиянын тѳрагасынын орун басары Азимжан Ибраимов 11-августтагы сотко сѳзсүз мамлекеттик комиссия катышаарын билдирди. Ибраимов мырзанын пикиринде, «Дело №» гезитинин “киргиз” деп жазганында кыргыздарды кемсинтүү да жок эмес:

- Тезекбаев мырза абдан туура маселе кѳтѳргѳн. Бул ишти аягына чыгарыш керек. «Киргиз» деп бул гезиттин жазганы - улуттун абийирине шек келтиргенге барабар. Менимче, Кыргызстандагы башка орус тилдүү гезиттер ѳңдүү эле ал «киргиз» эмес, «кыргыз» деп жазганы оң.

11-августта Жогорку Сот бул ишти караганы турат. Кубанычбек Тезекбаев Жогорку Сот анын арызын канааттандырбаган күндѳ Конституциялык Сотко кайрылууну кѳздѳп турат. Эгер сот системасынан майнап чыкпаса, ал Башмыйзамдын кепили катары президент А. Акаевди сотко берээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG