Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Түштүк Кореянын парламент өкүлдөрү Кыргызстанга иш сапары менен келмек болушту


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Кыргызстанга Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын илим, техника жана телекоммуникация комитетинин башчысы Ан Донг Сон баштаган делегация иш сапары менен келет. Делегациянын курамында парламент депутаттарынан тышкары өкмөт мүчөлөрү жана бир нече ири ишканалардын жетекчилери бар. Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Түштүк Кореянын өкүлдөрү президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жана бир катар министрлер менен жолугушат. Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы илим, техника жаатындагы жана парламент аралык байланыштарды чыңдоо маселеси талкууланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG