Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Максат Жапаров сакайып калды


БИШКЕК. 16-июлда Ысыката районунун Дмитриевка айылынын аймагында «Мерседес» жана «ДЭУ» автомашиналары сүзүшүп, эки машинадагы 7 адамдын ичинен алтоо кырсык болгон жерде дароо каза тапканын массалык маалымат каражаттары билдирген эле. Бул маалымат эч кимди кайдыгер калтырган эмес. Анткени, «ДЭУ» автомашинасы Жогорку Кеңешке таандык болгон. Кырсыктан «ДЭУ» автомашинасынын ичинде келаткан 14 жаштагы Максат Жапаров аман калган жана дарыгерлер ага эки сыйра операция жасашты. Алынган маалыматтарга караганда, учурда Максат Жапаровдун ахывалы жакшырып, тыңып калды. Азыр ал Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарылануусун улантууда.

XS
SM
MD
LG