Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:59

Жаңыжерде кароосуз балдардын проблемалары талкууланмакчы


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Сокулук районуна караштуу Жаңыжер айылындагы кароосуз балдарды тарбиялоочу «Акканат» борборунда кароосуз балдардын проблемасына арналган, түндүк региону боюнча семинар өтөт. Ага биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, тиешелүү министрлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Семинар ЮНЕСКОнун кароосуз балдардын проблемаларына арналган көлөмдүү программасынын алкагында уюштурулууда. Мындай семинарлар 17-20-августта Ошто, айдын этегинде Жалалабадда өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG