Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Быйыл Кыргызстанда жетиштүү өлчөмдө эгин жыйналат


БИШКЕК. Быйыл Кыргызстандын аймагында жалпысынан 620 миң гектар аянтка дан эгиндери, анын ичинде 439 миң гектар жерге буудай эгилген. 31-июлга карата 125 миң гектар жерден 490 миң тонна буудай жыйналып алынды. Буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 32,7 центнерден айланууда. Азыр өлкө боюнча 1600 комбайн иштеп жатат. Мындай маалымат бүгүн Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин башкы адиси Жанарбек Смаиловдон алынды. Анын айтымында, быйыл дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү былтыркыга салыштырганда жогору болгондуктан, Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү камсыз кылат. Маселен, былтыр өлкө боюнча 1 млн. 752 миң тонна дан эгини жыйналса, быйыл 1 млн. 780 миң тонна эгин жыйналаары пландаштырылуууда.

XS
SM
MD
LG