Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ АСКЕР КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЧЫҢДАЛУУДА


Соңку жылдары Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда аскердик-саясий мамиле түзүлүп, алакалар чыңдала баштаганы белгилүү. Өзгөчө эки мамлекеттин аскердик байланышы Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында өнүгүүдө. Уюмга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуулары Казакстанда башталган 6-август күнү Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Элдик-боштондук армиясынын башкы штабынын делегациясы келип, коргоо министри Эсен Топоев башатаган бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштады.

Делегацияны Кытай Эл Республикасынын Элдик-боштондук армиясынын башкы штабынын тышкы байланыштар канцеляриясынын жетекчисинин орун басары, генерал-майор Дян Хун айым жетектеп келди. Кытайлык аскерлер 6-августта коргоо министри Эсен Топоев жана анын орун басары Олег Чечель менен жолугушуп, эки мамлекет ортосундагы аскердик кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кытайлык аскер делегациясы менен жолугушуу учурунда министр Эсен Топоев мамлекеттер ортосундагы аскердик-саясий мамилени «эки тараптуу алакалар жагынан да, Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында да жакшы өнүгүп жатат» деп баалады.

- Эки тараптуу аскердик кызматташтыкты чыңдоо тууралуу айтсам, биз анын негизин өткөн жылы түздүк. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилеге таянып, Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында алгачкы жолу былтыр сентябрда эки мамлекеттин биргелешкен аскердик машыгуусун өткөрдүк, - деди Эсен Топоев. Анын айтымында, 6-августта Казакстанда башталып, Кытайда аяктай турган ШКУнун аскердик машыгуулары да алаканын жакшы өнүгүп жатканын далилдеп турат. Айтмакчы, Кыргызстан мурдагы Ленин заводу, «Дастан», «Жанар» ишканалары чыгарган же чыгара турган аскердик техникаларды Кытайга экспорттоого дилгир экенин министр Эсен Топоев Кытайдын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Хун Цзюин менен жолугушканда да белгилеген болчу.

Жолугушуудан кийин Кытайдын аскер делегациясынын жетекчиси Дян Хун айым менен Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Олег Чечель журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Олег Чечель кытайлык делегация менен кандай маселелер талкууланганы тууралуу мындай деди:

- Биз «аскердик кызматташуу өтө жакшы өнүгүп жатат» деген бир пикирге келдик жана анын келечеги да байсалдуу деген ойдомун. Биз эл аралык террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү боюнча кызматташууну мындан да арттыралы деп макулдаштык. Себеби, эл аралык террорчулук Кыргызстандын, Кытайдын улуттук кызыкчылыгына жана аймактын жалпы коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө.

1996-жылы Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан өз ара аскердик багыттагы ишенимди чыңдоо боюнча «Шанхай келишимин» түзүшкөн. 1997-жылы чек ара аймактарындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу боюнча «Москва» келишимине кол коюлган. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аскердик мамилелер мына ушул келишимдердин алкагында өнүгүп келатат. Ал эми эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүү Шанхай Кызматташтык Уюмунун негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет.

Дал ушул эл аралык терроризм Кыргызстан менен Кытайдын аскердик кызматташтыгынын жанданышына түрткү болгону белгилүү. 1999-2000-жылдарды «Өзбекстан ислам кыймылы» уюму Кыргызстандын бейкуттугун бузганда Кытай кыргызстандык аскерлердин кийим-кечесине жардам берген. Алсак, 2000-жылы Кытай тарап 42 курама үйдү, 700дөн ашуун керебет баштаган турмуш-тиричиликке керектүү буюм-тайымдарды жардам катары берген. Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Кыргызстанга 10 млн. юань өлчөмүндөгү жардам берүү жөнүндө протоколго кол коюлган. 1997-жылдан бери кыргызстандык 32 аскер кызматчысы Кытайда билимин тереңдетип келген. Министрдин орун басары Олег Чечелдин айтымында, Кыргызстанга Кытай баш-аягы 30 млн. юань өлчөмүндөгү жардам көрсөткөн жана сентябрь айында да Кытайдан чоң жардам келатат. «Автомашина, компьютердик техника сыяктуу жакшы жардам алабыз», - дейт Олег Чечель.

Кытай делегациясынын башчысы Дян Хун айым журналисттердин «уйгур жикчилери (сепаратисттери) аймакка канчалык деңгээлде коркунуч келтирип жатат?» деген суроосуна дипломатиялык тил менен мындайча жооп узатты:

- Кытай - көп улуттуу мамлекет. Биздин өлкөдө 56 улуттун өкүлдөрү жашайт. Уйгурлар - алардын бири. Кытайдын жетекчилиги бардык улуттардын, анын ичинде уйгурлардын да жашоо-турмушунун өнүгүшүнө чоң көңүл бурууда.

Журналисттердин экинчи бир «Кыргызстанда «Ганси» антитеррордук авиабазасынын жайгашканына Кытай кандай карайт?» деген суроосуна да генерал Дян Хун айым өтө этият жооп берди:

- Кыргызстан - Кытайдын жакшы коңшусу жана өнөктөшү. Американын аскерлеринин Кыргызстанда жайгашуусу - Кошмо Штаттар менен Кыргызстандын эки тараптуу маселеси. Эки тараптуу ал мамиле Кыргызстандын жана жалпы аймактын стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизбейт деп ойлойбуз.

XS
SM
MD
LG