Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

АБШЫРАТА ЭС АЛУУ ЖАЙЫ


Кожогелди Култегин, Ош Азыркы Ош облусундагы эң көрүнүктүү, өзгөчө кооз жана тарых таржымалына бай эс алуу жайы - Абшырата. Жалама тик асканын так ортосунан айрыкча бир күч менен атылып чыккан шаркыратма - дүйнөдөгү уникалдуу жаратылыш кубулуштарынан. Үстүңкү тоолордо же мөңгү жок, же булак жок. Ушунча чоң көлөмдөгү суу кайдан келээрин алигиче илимпоздор таппай келишет.

Ноокат районундагы Абшырата шаркыратмасынын, аны байырлаган эс алуу жайынын тарых-таржымалын шарттуу түрдө 3 бөлүп тааныштыралы. Шаркыратманын жаралышына байланыштуу уламышты Самүдүн уулу Акматаалы молдодон мындайча баяндайт:

- Тажиктин тилинен алынган экен, «аб» деп сууну айтат, «шир» деп сүттү айтат экен. Абшыратанын пайда болушу мындай. Ыдырыс пайгамбарыбыз ушул жерге бир заманда келип, мусулманчылыкка дабат кылган маалда «сиздин пайгамбардыгыңызга ишенбейбиз, бизге бир можида көргөзсөңүз мусулман болобуз» дегенде, Ыдырыс пайгамбарыбыз сүт чыгарып берген экен. Миңдеген жылдары агып туруп, адамдар кордоп ийгенден кийин сууга айланып калган экен.

Бул ыйык жердин Совет доорундагы акыбалын 1960-жылдарда колхоз башкармасы болуп иштеген, азыр 82 жаштагы Ырысов Калык аксакал баяндайт:

- Мен колхоздун башкармасы болуп, ошол шаркыратманын учуна киши чыга турган тепкичтерди биринчи болуп цементтен курдургамын. Мына ушул жерде анча-мынча мен эктирген дарактардан калыптыр. Биринчи электрди да мен курдурдум десем жаңылбаймын. Бул жерде молдо Ашырбай деген киши бар эле. «Меймандар келе турган болду Өзбекстандан, тияктан-бияктан, ушуларга уят болбойлу» деп, «Газель» аттуу эски машинанын генераторун алып келип коюп, 12 кичинекей бүлбүлдөгөн лампочка жандырганбыз. 1984-жылдан баштап Эсенаалы Саитов деген киши башкарма болду, совхоздо. Бул киши курулуш иштерин баштап жиберди. Бул коттедждер, айрым чайханалар ошол кишинин доорунда салынып калды.

Эгемендүүлүктүн жана базар экономикасынын шартында Абшырата эс алуу жайын СССР спортунун классикалык күрөш боюнча чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, ишкер Камчыбек уулу Калмамат менчиктеп алган. Сөз жаңы кожоюнда:

- 1999-жылы айыл өкмөтүнөн Ошко барып, «сиз Абшыратаны алсаңыз» деп эки-үч жолу барганда биз келгенбиз. Көпүрөнүн баары бузук экен, Кореядан чоң КРАЗды жалдап алып келгенбиз. Бул жер анда жакшы эмес экен. Көбү малкана болуп кеткен, электр зымдарынын бардыгы уурдалган. Ошол эле жылы 3 чоң көпүрө, 3 кичирээк көпүрө салдык. Шаркыратманын айланасынан адамдар суу кечип өтүп калган экен. Жүздүк плиталарды алып барып койдурдук, чекесине. Мурда шаркыратмага чыга турган тепкич курдурушкан экен, урап, кармагычтары жок болуп кеткен. Биз ага даяр плиталарды алып келип, кран менен койдурдук. Шыпаа булакты менин балам 2000-жылы алып келип коруктап койду. Келгендер булгабастан, бери жактан суу алып иче берет. Ушул күмбөз тарыхый болгон. Урандынын боектору бүгүнкү күнгө чейин жалтырап турат, миң жыл мурда курулган экен. Ушул күмбөздү 1950-жылдары аттеистер трактор менен тартып, мунараларын бузуп салышкан экен. Кайра оңдоп жатабыз.

Мындан тышкары, Абшыратада мейманкана, сауна, мечит курулган. Камчыбек уулу Калмаматтан мечит куруунун эмне зарылдыгы бар экенин сурадык.

- Мечит зарыл экен. Ошол жылдары айрыкча түрктөр келип жатты, узун «Икарустарда». 15 жаштагы кыздарынан бери намаз окуйт экен. «Намаз окууга жер таап бериңиз» деп келишти, биз бакты көрсөттүк. Намаз окуп жатканда жамгыр жаап жиберди. Алгандан кийин бир жылдан соң мечитти салып бүтүрдүк. Бизге эң көп келгенде 400гө чейин адамдар келет, - дейт ал.

Шаркыратмадан тышкары, бул жерде шыпаа булактын касиети да күч. Ал тууралуу Самүдүн уулу Акматаалы молдонун айтканы мындай:

- Көрүп турабыз, канча-канча оорулар келип жуунуп, шыпаа таап кетип атышат. Бул сууну ичсе ашказанга да, башка жагына да даба болот экен. Ленинграддан келип буларды текшергенде да бул экөөнү жаркыратма менен булакты эки башка сапатта деп айтышкан экен.
XS
SM
MD
LG