Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

ШАНХАЙ УЮМУНУН БИРИНЧИ АСКЕРИЙ МАШЫГУУСУ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 6-август күнү Казакстанда Шанхай кызматташуу уюмунун биринчи аскерий машыгуусу башталды. Беш күнгө созулчу бул машыгуудан кийин Шинжаңдын Кулжа шаарында - Шанхай уюмунун алкагындагы кыргыз-кытай машыгуулары өтөт.

Кытайдын демилгеси менен 1996-жылы негизделген Шанхай кызматташуу уюму акыркы бир-эки жылда өзүнүн башкармалыгын түзүп, чыныгы уюмга айланды. Эгер мурда уюмга кирген өлкөлөрдүн жетекчилери тиги же бул саммитте жолугуп гана кызматташып келсе, азыр анын Бээжинде жайгашкан секретариаты пайда болду, Бишкекте болсо уюмдун антитеррордук борбору түзүлүүдө. Өткөн жылы кыргыз-кытай чек арасында алгачкы аскерий машыгуу өткөрүлгөн, быйыл болсо Шанхай кызматташуу уюмунун толук кандуу биринчи машыгуусу башталды.

Алматы дубанынын Талды-Коргон районундагы Үч-Арал шаарынын айланасында Казакстан, Кыргызстан жана Орусия жоокерлери менен Тажикстандан келген байкоочулар беш күндүн ичинде террорчуларга каршы аракеттенүү ыкмаларына үйрөнөт. 2001-жылы уюмга Өзбекстан да кошулган, бирок анын өкүлдөрү машыгууга катышпайт. 11-августта болсо машыгуу Шинжаң жергесинде, кытайлар Инин деп атаган Кулжа шаарынын айланасында уланат, бирок ага кыргыз жана кытай гана жоокерлери катышат.

Шанхай уюмунун негизги максаттарынын бири деп Бээжин - эл аралык терроризм, диний экстремизм жана улуттук сепаратизмге каршы күрөшүүнү тааныйт, анткени бул уюмду Кытай - уйгур боштондук кыймылын басуу максатында негиздеген. Шинжаңда азыр он бештен жыйырма миллионго чейин уйгур жашайт жана мынчалык калктын аракети, албетте, Кытайдын бүтүндүгүнө бир топ коркунуч түзөт. Ошондуктан Бээжин уйгур уюмдарынын дээрлик баарын экстремист, сепаратист жана террорист деп атап, ал идеяга Шанхай уюмуна кирген бардык башка өлкөлөрдү да көндүрүүдө.

Казакстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Мурат Ауэзовдун пикиринде, бул идея - Бээжиндин Борбор Азиядагы саясатын күчөтүү максатында пайдаланылууда: "Террорчуларга каршы күрөшүү маселесин Кытай - Шинжаңдагы уйгурларды кысуу максатында пайдаланууда. Уйгурларды Кытай сепаратисттер деп атайт жана аларга каршы күрөштү пайдаланып, Борбор Азияга жана өзгөчө Казакстанга келүү мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатат".

Албетте, Шинжаңда аракеттенген кээ бир уюмдар чындап эле террордук иштерге аралашкан, бирок алардын баарын террорчу деп атап, мыйзамсыз жарыялоо аша чапкандык. Анткен менен азыр авторитардык бийликтер өздөрүнө каршы пикир айткандын баарын саясий экстремист деп көргөзүп, аларга каршы күрөштү - эл аралык терроризмге каршы согуштун бир бөлүгүнө айландырууда. Чеченстандагы улуттук-боштондук кыймыл дагы орус саясатчылары тарабынан жалаң гана бандиттик терроризм катары сыпатталууда жана бул жагынан алганда Маскөөнүн Чеченстандагы жана Бээжиндин Шинжаңдагы аракеттеринин сапаты бир.

Маскөө болсо Шанхай уюмун акыркы жылдарда Борбор Азияда күчөп бараткан америкалык таасирге каршы да пайдаланууну көздөйт жана бул максатта Бээжин менен Маскөө ортосундагы кызматташуу өтө маанилүү. Уюмдагы Кытайдын таасири өтө жогорулап кетпеши үчүн болсо, Шанхай уюмуна жаңы мүчө катары Индияны кабыл алуу боюнча Маскөө менен Дели ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Америка Кошмо Штаттарынын шериги болгон Пакистан дагы Шанхай уюмуна мүчө болуп кирүү ниетин билдирген.

Аны менен катар, эл аралык терроризм менен күрөш жүргүзүүдө Орусия Америка Кошмо Штаттары менен тыгыз кызматташууга да кызыкдар жана АКШнын Борбор Азияда аскерий базаларды түзүп жатканына Маскөө каршы чыккан жок. АКШ дагы, Кытай жана Орусия дагы азыр өздөрүнүн Борбор Азияга болгон таасирин күчөтүүгө аракеттенүүдө, бирок Кытай негизинен Шинжаң маселесин чечүүнү көздөсө, АКШ менен Орусия коопсуздукту камсыз кылуу максатында жоопкерчиликти бөлүшкөн сыяктуу. Орусия Борбор Азиянын ички коопсуздугуна жооптуу болсо, Америка Кошмо Штаттары азырынча негизинен тышкы коопсуздук маселери менен алек.
XS
SM
MD
LG