Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Жапониялыктар Хиросима алааматын эскеришти


Бүгүн он миңдеген адам Хиросимага чогулуп, мындан 58 жыл мурун атом бомбасынан курман болгондорду эскеришти. Өлкөнүн премьер министри Дзюнитиро Коудзуми Жапония өзөктүк куралдардын баары жоготулсун деген ниетте экендигин дагы бир жолу билдирди. 1945-жылы 6-августта Хиросимага ташталган атом бомбасынан 140 миң адам курман болуп, миңдеген адамдар нур оорусуна кабылышкан. Хиросима менен Нагасакиге ташталган атом бомбасы 1945-жылдын 15-августунда Жапонияны жеңилүүгө мажбурлап, экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган.

XS
SM
MD
LG