Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

Либерияга БУУ жардам берүүгө ниеттенүүдө


Бириккен Улуттар уюму дүйнө коомчулугун атуулдук согуш жүрүп жаткан Либерияга жардам катары 69 миллион доллар берүүгө үндөгөн жатат. Мындай сунуш БУУга мүчө мамлекеттердин 50сүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн Нью-Йорктогу жолугушуусунда жарыяланат. Ал эми Либерияга бейпилдик күч катары барган Нигериянын аскерлери өлкөнүн маанилүү жайларын ээлеп, жалпы коопсуздукту камсыз кылуу аракеттерин көрө башташты. Либериянын президенти Чарлз Тейлор ушул айдын 11инде кызматынан кетип, саясий баш паанек берген Нигерияда жашоого убадасын берген. Бирок, ага чейин өзүнөн “аскерий кылмыш жасаган” деген айыптардын алынуусун да талап кылууда. Президент Чарлз Тейлорго каршы төңкөрүшкө чыккандар менен өкмөттүк аскерлердин бир нече айга созулган кармашынан миңдеген бейкүнөө адамдар набыт болуп, калкы жакырчылыкка баткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG