Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү август аягына чейин болушу мүмкүн


Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр ушул август айынын аягында болушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары кабарлады. Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасы боюнча Орусия, Кытай, Жапония, АКШ жана Түштүк Кореянын катышуусу менен сүйлөшүүгө ушул жума башында макулдук берген. Ага чейин АКШ менен гана көзмө-көз сүйлөшүүнү талап кылып, бирок, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон Пхеньянды катуу сынга алгандан кийин андан баш тартып, көп тараптуу сүйлөшүүгө ык койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG