Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Израил камакка алган палестиндер бошотула баштады


Израил «Жол картасы» деп аталган эл аралык пландын алкагында камакта жаткан 300дөн ашуун палестинди бүгүн түрмөдөн чыгарды. Эртең дагы 100дөн ашуун адам бошотулат. Түрмөдөн чыгаардан мурун алар «Израилге душмандык кылбайм» деген тилкат жазышат. Палестина Израил камакка алган миңге чукул атуулунун баарын бошотууну талап кылууда. Ушундай пикир келишпестиктен улам Израилдин премьер министри Ариэл Шарон менен Палестиндин өкмөт башчысы Махмуд Аббастын 6-августка белгиленген сүйлөшүүсү болбой калды. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Паэулл “Иордандын батыш жээгине коргоочу дубалдарды куруу израил-палестин мамилесин ого бетер курчутат,” - деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG