КАРАКОЛ. Семинарды өткөрүүгө Дүйнөлүк Банк жана кыргыз өкмөтү колдоо көрсөтүштү. Жыйында айыл жергесиндеги жакырчылыкты азайтуу, айылдардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу, элеттеги чакан жана орто ишкердиктин өнүгүшүн колдоо жана жергиликтүү башкарууну бекемдөө боюнча сабак өттү. Ысыккөл облусунда бул долбоордун сынак иретиндеги алгачкы баскычына 4 айыл тандалды. Аталган долбоорго Өнүгүүнүн эл аралык ассоциациясы, Жапониянын өкмөтү, кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү жамааттар финансылык жардам көрсөтөөрү иш-чарада белгилүү болду.