Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Кароосуз калган балдар менен иштөөчү кызматкерлердин билимин өстүрүү боюнча семинар башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаарынын Сокулук районунун Жаңыжер айылында өлкөдөгү кароосуз калган балдар менен иштеген мекеме-уюмдардын кызматкерлерин окутуу боюнча беш күндүк семинар башталды. Ага Кыргызстандын жер-жерлериндеги кароосуз балдар менен иштеген ар кандай уюмдардын жана министрликтердин өкүлдөрү чакырылды. Окутуунун башкы максаты - кароосуз калган балдар менен иштешкен кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүп, аларга үй-жайсыз балдарды укуктук жактан коргоонун жана моралдык жардам берүүнүн жолдорун үйрөтүү. Бул иш-чараны өткөрүүгө ЮНЕСКОнун Бишкектеги өкүлчүлүгү жана кыргыз өкмөтү колдоо көрсөтүшүүдө. Бишкектен соң окуу Кыргызстандын бардык облустарында беш күндөн өткөрүлөт. Учурда расмий маалымат боюнча жалпы Кыргызстандын аймагында 10 миңден ашуун кароосуз калган балдар бар.

XS
SM
MD
LG