Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Ишембиде «Тамчы» аба майданы расмий ачылмак болду


БИШКЕК. Ысыккөл облусунун аймагында кайра калыбына келтирилип жаткан «Тамчы» аэропорту ишембиде ишке киришээри күтүлөт. Анын ачылыш салтанатына президент Аскар Акаевдин катышуусу болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматы кабарлады. Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына караганда, аба майданынын учуп-конуучу тилкеси 2060 метрди түзүп, ал ЯК-42, ЯК-40 жана АН-24 үлгүсүндөгү учактарды кабыл алууга жөндөмдүү. Кайра калыбына келтирүү иштеринин алгачкы бөлүгү бүткөндүгүнө байланыштуу акыркы сыноо 22-июлда болгон. «Тамчыны» калыбына келтирүү ишин ««Манас» аэропорту» акционердик коому өзүнө алган. Адистердин айтымында, бул аба майданын толук калыбына келтирип, туристтик багытта пайдаланыш үчүн дагы 9 млн. долларга чукул каражат керек. Буга чейинки иштерге «Манас» аэропорту 216 миң доллар каражат сарптады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG