Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

Эл аралык уюм Кыргызстанда өлүм жазасын алып салууну көздөйт


БИШКЕК. Баш кеңсеси Римде жайгашкан «Каинден колуңду тарт!» аттуу бейөкмөт уюмдун Антони Санаги жетектеген өкүлдөрүн бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев кабыл алды. Пикир алышууга журналисттер катышкан жок. Жолугушуудан соң Антони Санагинин айтканына караганда, делегация кылмыш жасаган адамга карата өлүм жазасын алып салуу идеясын колдоп, ошого байланыштуу атайын акция менен дүйнө мамлекеттерин кыдырып жүрөт. Мындай акция өлүм жазасын бардык мамлекеттерден алып салуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунда күтүлүп жаткан сентябрдагы добуш берүүгө байланыштуу уюштурулууда. Уюмдун маалыматына караганда, дүйнөдө өлүм жазасын алып салган 76 өлкө бар. Алардын 13ү эң оор кылмыштарга карата өлүм жазасын колдонот. Бирок, аталган мамлекеттердин катарына Кыргызстан кирбейт. Кыргызстанда өлүм жазасына убактылуу мораторий президенттин жардыгына ылайык алгач ирет 1998-жылы киргизилген. Ошондон бери мындай жардык жылына жаңыртылып келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG