Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Үчүнчү элдик курултай 23-августта Аксы районунда өтмөк болду


БИШКЕК. Үчүнчү элдик курултай 23-августта Жалалабад облусунун Аксы районунда өткөрүлөт. Мындай чечим бүгүн «А.Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын Бишкекте өткөн жыйынында кабыл алынды. Курултайды Аксы районунда өткөрүүгө кыймылдын төрагасынын орун басары Турсунбек Акун жана басма сөз катчысы Замира Сыдыкова каршы болушту. Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Анын курамына Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Азимбек Бекназаров, Алевтина Проненко жана Бектур Асанов, ошондой эле «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев шайланышты. Жыйындын катышуучулары курултайда карала турган маселелер тууралуу макулдашты. Азырынча курултайда биринчи, экинчи элдик курултайлардын чечимдеринин аткарылышы, «А.Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы тарабынан иштелип чыккан, Кыргызстандын саясий түзүлүшүн жана экономикалык абалын өзгөртүү тууралуу программанын долбоору, Кыргызстандагы азыркы социалдык экономикалык абалы, Кыргыздардын дүйнөлүк курултайына делегаттарды шайлоо сыяктуу маселелер каралат. Кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаровдун айтымында, курултайга Кыргызстандын жер-жерлеринен 500дөн ашуун делегат катышат.

XS
SM
MD
LG