Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

ҮЧҮНЧҮ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ АКСЫДА ӨТӨТ


Азиза Турдуева, Бишкек 6-август күнү «А. Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы жыйын куруп, Үчүнчү элдик курултайды Аксы районунда өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Кыймыл курултайдын күн тартибине киргизилген маселелерди тактады.

Бул күнү Жогорку Кеңештин имаратында чогулган кыймылдын жыйынына ага мүчө болгон «Эркин Кыргызстан прогрессивдүү», «Жаңы Кыргызстан», «Республика», «Асаба», «Эркиндик» жана башка партиялар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Былтыр түзүлгөн бул кыймыл аталышы айтып тургандай, президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, өлкөдө эл үчүн реформа жүргүзүү максатын көздөйт. 19-июлда Бишкекте өткөн «Өнөктөштүк форумунда» Аскар Акаев «2005-жылкы президенттик шайлоого барбайм» деп расмий түрдө билдиргенине карабастан, кыймылдын негизги максаттарынын бири – А. Акаевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү, өлкөдөгү саясий системаны өзгөртүү. Бул жөнүндө кыймылдын башчысы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров мындай дейт:

- Биздин максат - мөөнөтүнөн мурда Аскар Акаевди кызматынан кетирүү. Азыр өлкөнү президенттин үй-бүлөсү башкарып турат. Президенттин айланасындагылар бүгүн кааалаган нерсесин жасашууда. Президент бийликтен кеткенде гана, ал тарабынан 12 жылдын ичинде түзүлгөн режим толугу менен жок кылынганда гана өлкөдөгү реформалар эл үчүн жасалып, Кыргызстан чыныгы демократиялык жолго түшөт. Ал эми 19-июлда «Өнөктөштүк форумунда» президент А. Акаев «келерки президенттик шайлоого катышпайм» деп дагы бир ирет расмий түрдө айтканына биз ишенбейбиз.

«Үчүнчү элдик курултайды кайсы жерде өткөрүш керек?» деген маселе боюнча жыйында ар кандай пикирлер айтылды. Буга чейин кыймылга Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылынын 150 тургунунан курултайды Мырзакеде өткөрүү жөнүндө, Аксыдагы «Энелер кыймылынан» Аксыда өткөрүү боюнча өтүнүчтөр түшкөн. А.Бекназаров маалымдагандай, ал кыймылдын атынан 2-июлда Бишкектин мэри Медетбек Керимкуловго Улуттук филармонияда жыйын өткөрүүгө уруксат сурап кайрылган. Бирок М. Керимкулов бул маселени чечүү мүмкүн эместигин билдирген. Оштун шаар башчысына да курултайды өткөрүш үчүн стадионду берүү өтүнүчү болгон. Бирок, эмдигиче оң жооп алына элек. А. Бекназаров ошондой эле Өзгөндөгү Мырзакенин аксакалдары президент А. Акаев менен куда-сөөк болуп калгандарына байланыштуу бул курултайдын ал жерде өтүшүн колдой албай тургандыктарын билдиришкенин да маалымдады.

Жыйындын катышуучулары көпчүлүк добуш менен «курултай 23-сентябрда Жалалабад облусуна караштуу Аксы районунда өтөт» деген чечимди кабыл алышты. Мындай чечим эмнеге байланыштуу болгондугун «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев мындайча түшүндүрдү:

- Азыр курултайдын катышуучуларынын коопсуздугун бир гана аксылыктар камсыз кыла алышат. Анткени, алардын 99% азыркы бийликке каршы. Алар А. Акаевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишин талап кылышууда. Албетте, курултай Бишкекте же Ошто өтсө жакшы болмок, бирок, ага бийлик эч кандай жол бербейт.

Ал эми жыйынга катышкандардын ичинен «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова менен укук коргоочу Турсунбек Акун курултайдын Аксыда өтүшүнө каршы чыгышты. Буга байланыштуу Турсунбек Акун мындай дейт:

- Бул элдик курултай болгондон кийин, борборубуз Бишкек шаарында өтүшү керек. Эгерде бардык региондордун өкүлдөрү катыша албаса, анда ал элдик курултайдын талаптарына жооп бербей калат.

Үчүнчү элдик курултайдын күн тартибинде биринчи жана экинчи курултайларда кабыл алынган чечимдердин аткарылышына, Аксы окуяларынын айыпкерлеринин сот жообуна тартылышына байланыштуу маселелер киргизилет. Мындан тышкары, кыймыл тарабынан иштелип чыккан, Кыргызстандын саясий системасын реформалоо боюнча концепция талкууланып, кабыл алынат. Курултайда ошондой эле жергиликтүү жана парламенттик шайлоолордун алдында саясий блокторго биригүү маселеси каралып, 29-августта Бишкекте өтө турган Кыргыздардын экинчи дүйнөлүк курултайына делегаттардын шайланышы күтүлөт.

Кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаров белгилегендей, биринчи жана экинчи курултайдын чечимдери жана талаптары бийлик тарабынан аткарылган жок.

- Биринчи жана экинчи элдик курултайлардын чечимдери ушул күнгө чейин аткарыла элек. Аксы окуяларынын күнөөкөрлөрүнө карата сот иши козголо элек, Феликс Кулов дагы эле түрмөдө отурат, куугунтук токтотулган жок, - дейт А. Бекназаров.

Жыйында курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлдү. Азыр жер-жерлерде айрым саясий партиялар жыйындарды өткөрүп, Үчүнчү элдик курултайга делегаттарды шайлашууда. Кыймылдын бардык мүчөлөрү курултайды өткөрүү боюнча камылга көрүшмөкчү.

Кыймылга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Абсамат Масалиев, Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков, Дооронбек Садырбаев да кирет. Алар бул күнкү жыйынга өздөрү катыша албай калганы менен, «кыймылдын чечимдери менен макулбуз» деп билдиришкенин Азимбек Бекназаров маалымдады.

Үчүнчү элдик курултайга катышууга президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана башка бийлик башчылары, элчиликтердин, өлкөдөгү бардык саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.
XS
SM
MD
LG